Бүгүн БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинде (АУК) Кыргызстандын элчиси О.Султанов БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жок кылуу конвенциясынын 45 жылдыгына карата, ошондой эле анын Факультативдик протоколунун 25 жылдыгына карата, 66 мамлекеттин, анын ичинде Европа Биримдигинин (ЕБ) төрагасы – Бельгиянын атынан Биргелешкен билдирүү жасады.

111

Кыргызстандын Туруктуу өкүлү аталган документтердин аялдар менен кыздарга карата басмырлоону жана зомбулукту жоюудагы негизги ролун баса белгиледи.

Буга байланыштуу О.Султанов али аткарыла элек бардык мамлекеттерди БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жок кылуу конвенциясын жана анын Факультативдик протоколун ратификациялоого, ошондой эле аларга коюлган бардык эскертүүлөрдү алып салууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK