Нотариалдык маселелер

Кыргыз Республикасынын Катар, Мамлекетинндеги Элчилиги берилген ыйгарым укуктун чегинде, Кыргыз Республикасында арыз ээсинин/өтүүнүчүн атынан укуктук иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ишеним кат/доверененность тариздөө сыяктуу нотариалдык кызматтарды көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Доха шаарындагы Элчилигинде, арыз берүүчү/өтүнүүчү кишинин болуусу жана төмөндөгү документтердин берүүсү менен ишке ашырылат:

  1. Талап кылынуучу документти тариздөөгө арыз жазуу (Толук аты-жөнү, жашаган жери, байланыш телефону, электродук дареги көрсөтүлүш керек). Арыздын үлгүсүн Элчиликтин консулдук бөлүмүнөн алынат.
  2. Жалпы жарандык паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү, арыз ээсинин Катар ID-картасы;
  3. Арыз ээсинин жана ишенимдүү адамдын Кыргыз Республикасынын ID-картасынын түстүү (мүмкүн болсо) көчүрмөлөрү;
  4. Тиешелүү учурларда Консулдук бөлүм кошумча документтерди талап кылат.

Нотариалдык иш-аракеттер үчүн, консулдук жыйым – 10 АКШ долл. түзөт. Төлөм банк аркылуу жүргүзүлөт:

Bank name: QNB

Account Name: EMBASSY OF THE KYRGYZ REPUBLIC

Account No.: 0027-043099-053

IBAN: QA65 QNBA 0000 0000 0027 0430 9905 3