Нотариалдык маселелер
Консулдук маселелер / Нотариалдык суроолор / Нотариалдык маселелер (KG)
Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчилиги төмөнкүдөй нотариалдык иш–аракеттерди жасайт:
- Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди кошпогондо, бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
- мурас калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды көрөт;
- мураска укук жөнүндө күбөлүк берет;
- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет;
- документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
- документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт;
- документтерди бир тилден башка тилге которуунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
- жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт;
- жарандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт;
- жарандын фотосүрөттө тартылган адамга окшоштугун күбөлөндүрөт;
- документтер берилген убакытты күбөлөндүрөт;
- акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
- аткаруу жазууларын жүргүзөт;
- документтерди сактоого кабыл алат;
- далилдерди камсыздайт;
- деңиз протесттерин жасайт.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча консулдук кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Элчилигине барганда арыз ээлердин жанында төмөнкү документтер болушу керек.
- арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу жарактуу документ;
- нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш болгон документтердин түп нускалары же дубликаттары;
- консулдук кызмат үчүн төлөмдүн квитанциясы ("Пасаргад" банкынын каалаган филиалы, Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчилигинин эсеби 367-7160-13327491-1).
Арыз ээлери нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча консулдук кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигине каалаган жумуш убактысында бара алышат жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө кошумча маалыматты +98-21-22830354 телефону боюнча ала алышат.
№ |
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо |
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долларында) |
1 |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер |
10 |
2 |
Ишеним кат берүү: |
|
|
1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна |
10 |
|
2) кредиттик операцияларды аткарууга |
10 |
|
3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга |
10 |
3 |
Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу |
20 |