Кызмат

Паспорт алуу үчүн жарандардын жеке катышуусу талап кылынат. Паспортту почта аркылуу же аралыктан берүү мүмкүн эмес!

Балдарга (16 жашка чейинки) паспорт алууда ата-энесинин жана баланын катышуусу талап кылынат.

 

Эгерде, жаран консулдук каттоодо турбаса, консулдук мекемеге жаңы паспорт алуу үчүн кайрылганда ал консулдук каттоого алынат.

Элчиликте/Консулдукта документтерди кабыл алуу үчүн консулдук жыйым:

60 жаштан жогорку жарандарга: 15 АКШ доллары

60 жашка чейинки жарандарга: 30 АКШ доллары

Жарандык паспортту каттоо үчүн зарыл болгон документтердин ТИЗМЕСИ:

1) паспорттун түп нускасы + паспорттун негизги барагынын көчүрмөсү;

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү.

3) нике күбөлүгүнүн түп нускасы / ажырашуу жөнүндө күбөлүк (бар болсо)/ фамилиясын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк (эгерде толук аты-жөнү мурда өзгөртүлгөн болсо) + көчүрмөсү.

4) электрондук алып жүрүүчүдөгү электрондук сүрөт (CD/флеш карта), ак фондо, көз айнексиз, өлчөмү 4*6 см, jpeg форматында

https://grs.gov.kg/uploads/files/eid_photo_ru.pdf

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: консулдук жыйымдан тышкары Кыргызстанда (РСК Банк, Айыл Банк, Кыргыз почтасы, Финанс Кредит Банкы) паспорттун бланкасына мамлекеттик алым кошумча (туугандар/достор/тааныштар аркылуу) төлөө зарыл. ТӨЛӨМ КОДДУ СИЗГЕ ПАСПОРТ АЛУУ АРНАЛГАН КҮНҮНДӨ БИЛДИРИЛЕТ.

Ошондой эле Элкарт, Visa, Mastercard банк карталары менен мамлекеттик алымды төлөөгө болот. Төлөө үчүн арыз ээси https://payment.infocom.kg/ сайтында кызматтын төлөм кодун жана банк картасынын реквизиттерин киргизүүсү керек.

Кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча валютаны сомго автоматтык түрдө конвертациялоону карайт. Сайтта төлөм жүргүзүүдө VISA жана Mastercard төлөм карталарынын ээлеринен кызматтын наркынын 2,5% өлчөмүндө комиссия алынат.

Элчилик/Консулдук ПАСПОРТ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК САЛЫМ КАБЫЛ АЛБАЙТ!

Мамлекеттик алымдардын тарифтери:

Паспорт үчүн 1012 сомдон 1221 сомго чейин, паспорт алмаштыруунун негизине жараша.

ID-карта үчүн паспорт алмаштыруунун негизине жараша 615 сомдон 815 сомго чейин.

Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана паспортторду даярдоочу «Инфоком» ММнин эсебине төлөнөт.

 

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк

Жалпы жарандык паспортун жоготуп алган же паспортунун жарак мөөнөтү бүтүп калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигине убактылуу жолдо жүрүү документин – Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгүн (МКК – мекенге кайтуу күбөлүгүн) – берүү өтүнүчү менен кайрылышса болот.

МКК Кыргыз Республикасына жетип алуу үчүн гана жана 30 күндүк мөөнөткө гана берилет. Мекенге кайтып баргандан кийин, күбөлүктү алган жаран бир айдын ичинде тиешелүү органдарга кайрылып жаңы паспортко арыз жазып МККны тапшырышы керек.

Мекенге кайтуу күбөлүгүн алуу үчүн жарандын Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигине сөзсүз түрдө өзүнүн келиши жана төмөнкү документтерди көрсөтүүсү зарыл:

  1. Атайын белгиленген формадагы арызда Кыргыз Республикасынын жараны паспортунун эмне себептен жок экендигин далилдүү түшүндүрүшү керек.
  2. электрондук-санариптик форматтагы фотосүрөт (3,5х4,5 см, ак фондо).
  3. Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту, паспорт жоголгон учурда анын көчүрмөсү (эгер болсо).
  4. Жашаган өлкөнүн жергиликтүү органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жоголгон, уурдалган же алдырган тууралуу фактысы катталган справка.
  5. МКК алууну тездетүү үчүн жарандыкты далилдеген башка документтердин көчүрмөлөрүн тапшыруу зарыл: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин жалпы жарандык паспорттору (балдар үчүн), аскердик билет, сүрөтү менен болгон кызматтык күбөлүк, же болбосо экиден кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын күбө каты (чынында эле арыздын ээси Кыргызстандын жараны экенин ырастаган) паспортторунун көчүрмөсү менен бирге тиркелет. Бул документтердин жетишсиз болуп турган учурда Элчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына жоголгон паспорт боюнча №1 формасын талап кылганга мажбур болот (форма №1 суроо-талап анкетасы).
  6. МКК алуу үчүн жарандардын Консулдун кабыл алуусуна алдын ала жазылышы зарыл.

Маанилүү маалымат:

МКК менен Кыргызстанга кете турган жарандарга Элчилик транзитке виза талап кылбаган өлкөлөр (Турция, Россия) аркылуу кетишин сунуштайт.

 

Жарандык ал-абалдын актыларын каттоо (ЗАГС)

Италияда жашаган, элчиликтин консулдук каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн элчиликтин консулдук бөлүмү жарандык ал-абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) жана каттоо боюнча иш жүргүзөт:

  1. Никелешүүгө тургандыгы жөнүндө актысын каттоо жана никелешүү күбөлүгүн берүү.
  2. Өлгөндүгү тууралуу актысын каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.
  3. Никени бузуу актысын каттоо (компетенция чегинде) жана никени бузуу күбөлүгүн берүү.
  4. Аты жөнү алмаштыруу боюнча актысын каттоо (компетенция чегинде).

НИКЕГЕ ТУРУУ АКТЫСЫН КАТТОО.

Консулдук бөлүм никеге туруп жаткан кайрылуучулардын өздүк катышуусу менен төмөнкү документтерди сунуштаганда гана никеге туруу актысын каттай алат:

  1. Никеге туруп жаткан кайрылуучулардын консулдук бөлүмдүн наамына бирге жазган арызы. (Үлгүсү
  2. Никеге туруп жаткандардын өздүгүн ырастаган документтер.
  3. ЗАГСтан алынган жарандык ал-абал тууралу справка: кайрылуучулардын бойдок, күйөөгө тийбеген же үйлөнбөгөнүн көрсөткөн документ. Буга чейин никеге турган болсо, никени бузуу күбөлүгүнүн нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.
  4. Үйлөнүп жаткандардын бирөөсү/экөө тең жашы жетиле элек болгон учурда (18 жашка чейин), тарбиялап кам көргөн кишилердин (опекун) уруксат кагазы.
  5. Ар бир кайрылуучунун бирден 3х4 өлчөмүндөгү сүрөттөрү.

ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ АКТЫСЫН КАТТОО МЕНЕН ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮ:

Италияда каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмүн актысын каттоо үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. Өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралу күбөлүктү алуу үчүн кайрылууну жазганга укугу бар жакын адамдын (тууганы, таанышы, достору ж.б.у.с.) арызы. (Үлгүсү)
  2. Италияда өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (кайра кайтарылып берилбейт). Паспорт өлгөндүгү тууралуу актысы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
  3. Италияла өлүм фактысын каттаган тиешелүү органдарынын Өлүмдү каттоо сертификаты (же наториалдык тастыкталган көчүрмөсү).
  4. Арызды жазган адамдын паспортунун көчүрмөсү.
  5. Почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт.

Эскертүү: Элчиликтин электрондук дарегине документтердин сканерден көчүрүлгөн электрондук көчүрмөсүн эртерек жөнөтүү зарыл.

НИКЕНИ БУЗУУ ЖӨНҮНДӨГҮ АКТЫНЫ КАТТОО (компетенция чегинде).

Консулдук бөлүм арыздануучулардын өздүк катышуусунда гана, никеси Кыргыз Республикасында катталган учурда жана бири бирине мүлктүк жана балдары тууралуу пикир келишпестиктер жок болгондо гана никени бузуу жөнүндөгү актыны каттай алат. Никени бузуу актысы түзүү жумушу төмөнкү документтердин болушун талап кылат:

  1. Никени бузуу жаткан кайрылуучулардын бирге жазган арызы. (Үлгүсү
  2. Эки тараптын никени бузуу тууралу бирге жазган арызы. Арызда ар бир арыздануучунун аты-жөнү, туулган күн/ай/жылы жана жери, жарандыгы, жашаган жери, паспорттук маалыматтары так көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле арызда өз эрк калоолору менен ажырашып жатканын, бири бирине мүлктөр жана балдар тууралу талашы жок экенин так көргөзүшү керек.
  3. Никени бузуп жаткан кайрылуучулардын өздүгүн ырастаган документтер.
  4. Никеге туруу күбөлүгү (кайра кайтарылып берилбейт). Бул документ Кыргыз Республикасынын ЗАГС органдарына никени бузуу актысы менен чогуу жөнөтүлөт.                                                                                                                                                                                     АТЫ-ЖӨНҮН АЛМАШТЫРУУ БОЮНЧА АКТЫСЫН КАТТОО (компетенция чегинде).

Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилия, аты-жөнүн алмаштыруу боюнча актысы, 16 жашка жеткен жарандардын арызынын негизинде катталат. 16 жашка жете электердин атын, берилүүчү фамилиясын, атасынын атын фамилияга алмаштыруу же атасынын атын алмаштыруу боюнча актысы ата-энесинин (же биринин) бирге жазган арызы менен төмөнкү документтердин негизинде гана катталат:

  1. Арыз.(Үлгүсү)
  2. Паспорт менен консулдук каттоодо тургандыгы тууралу белгисинин көчүрмөсү.
  3. Кайрылуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  4. Никеге тургандыгы тууралу күбөлүгү (эгер кайрылуучу никеде турса).
  5. Жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгер кайрылуучунун жашы жетелек балдары болсо).
  6. Аталыгын аныктаган күбөлүк (эгер кайрылуучунун ЗАГСтан аталыгын аныктаган күбөлүгү болсо).
  7. Мурун фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөн болсо, фамилия, аты-жөнүн өзгөрткөндөгү тууралу күбөлүгү.
  8. Арыз ээси никеге турганга чейинки фамилиясын никесин бузууга байланыштуу кайтаргысы келген учурда, никени бузуу тууралу күбөлүгү.
  9. Эскертүү: Фамилия жана аты-жөнүн алмаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:

1. Фамилиянын, атасынын атынын жана өз атынын угулушу жагымсыз учурда, же аталышы татаал болсо.

2. Жарандык ал-абалдын ар кайсы каттоолорунда аты-жөнү бири бирине ылайык келбеген учурларда документтердин баардыгын иретке келтирүү максаты болсо.

3. Никелешкендердин бири экинчисинин фамилиясын алгысы келсе, бирок никеге туруп жаткан учурда өз фамилиясында калган болсо.

4. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе.

5. Өзүнүн никеге турганга чейинки фамилиясын кайтарып алгысы келсе, бирок никени бузуу актысы катталган учурда бул маселе менен кайрылбаса.

6. Нике бузула элек мезгилинде эле, никеге турганга чейинки өз фамилиясын кайтаргысы келип, биринчи никедеги балдары менен кошо бир фамилияда болууну кааласа.

7. Эгер күйөөсү көз жумган болсо, балдары менен чогуу бир фамилияда болгусу келсе.

8. Эгер тарбиялоого ата-эненин бирөөсү катышпаса, тарбиялангандын фамилиясын алгысы келсе.

9. Эгерде өз атасы тарбиялоого каралашпай жана уул кылып багып алган багып алганын мыйзамдаштыра албаган мезгилде өз калоосу менен өгөй атанын (эненин) же тарбиялаган инсандын фамилиясын, атасынын атын алгысы келсе.

10. Арыздануучуну тарбиялаган чоң-ата, чоң-эне же башка инсандар болуп, алардын атын алып жүрүү калоосу болсо, эгер ата-энеси кайрылуучунун тарбиясына катышпаса, бала кылып багып алуу укугуна ээ болуу мүмкүн эмес болсо.

11. Фамилиясын, атын, атасынын атын, улутка тиешелүү салттык таанымда өзгөртүүгө өз калоосу болсо.

12. Кыргыз улуттук салты менен жазылган «кызы» жана «уулу» сөздөрүнүн ордуна, жалпы колдонулган аягы «-ов», «-ев», «-ова», «-ева» сөздөрү менен бүткөн фамилияга алмаштырууну кааласа.

13. Атасынын, чоң атасынын аттарынан куралган фамилияны алып жүргүсү келсе.

 

 

 

«Мекен-карта»

2023-жылдын 13-мартынан тарта чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин макамын ыйгаруу үчүн документтерди (“Мекен-картага” каттоо) кабыл ала баштады.

Мекен-карта – чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин макамын ырастоочу мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөлүк жарандын документи. Ал чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту менен гана жарактуу болот.

Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин макамы чексиз күчүндө болот.

Мекен-карталары чыгарылган күндөн тартып 10 жыл бою жарактуу.

Чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу:

1) Жалпы тартипте:

- мурда Кыргыз Республикасынын жараны болсо (балдары дагы);

- Кыргыз Республикасынын түпкү жарандыгына карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери болсо;

- Кыргыз Республикасынын жараны болгонуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болсо;

- Кыргыз ССРинде туулгандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери.

2) Жөнөкөй тартипте:

 - эгерде, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай боло электе.

МААНИЛҮҮ ЖАГДАЙ: Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай) жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамы берилбейт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: «Мекен-картаны» тапшырууда жарандын жеке катышуусу зарыл.

Балдарды (16 жашка чейинки) каттоодо ата-энесинин жана баланын өзүнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

Документтер түп нускада берилиши керек жана бардык документтердин көчүрмөлөрү тиркелиши зарыл. Керектүү документтер жок болгон учурда арыздар каралбайт!

Документтерди кабыл алуу үчүн консулдук жыйым: 40 АКШ доллары

Айдоочулук күбөлүгүңүздү алмаштыруу үчүн сизде төмөнкү документтер болушу керек:

1. Тиешелүү формадагы арыз (консулдук бөлүмүндө берилет);

2. Кыргыз Республикасынын  жалпы жарандык паспорту;

3. Чет мамлекеттин  укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген,  жарактуу мөөнөтү 12 айдан ашпаган  медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен (мамлекеттик же расмий тилге)  жана тиешелүү тартипте апостилдештирилген;

4. Улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүк (жоголгон учурда берилбейт);

5.Айдоочуларды даярдоочу уюму тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;

6. Айдоочуларды даярдоочу  уюму тарабынан берилген айдоочунун жеке картасы;

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 2192018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 3262022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

41. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер консулдук мекемеден тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн:

- арыз ээсинин демилгеси боюнча, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары 100 пайызга көбөйөт. Арыз берүүчү консулдук иш-аракеттерди жасоочу жерге барууга байланышкан чыгымдарды да төлөйт;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу ставкалар 200 пайызга көбөйөт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/93225?cl=ru-ru

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (сом)

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

 

1

Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

30

 

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

3589

50

 

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

 

3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

352

5

 

 

4) көп жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

4315

60

 

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

1078

15

 

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

 

 

- беш суткага чейин

1783

25

 

 

8) чыгуу визасын тариздөө:

 

 

 

 

- 3 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

8 800

100

 

 

- 3 айдан 6 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

13 200

150

 

 

- 6 айдан 1 жылга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

17 600

200

 

 

- 1 жылдан ашык жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн

22 000

250

 

 

9) ар бир кишиге визалык колдоону тариздөө

352

5

 

3

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

 

10

 

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу:

 

 

 

 

1) жеке жактардан – Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

 

 

2) жеке жактардан – чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

 

 

3) юридикалык жактардан

7189

100

 

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан

1431

20

 

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

 

510

 

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

 

10

 

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

 

10

 

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

 

50

 

8

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

 

10

 

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

 

50

 

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

 

10

 

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

 

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

 

10

 

10

Ишеним кат берүү:

 

 

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

 

10

 

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

 

10

 

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

 

10

 

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

 

20

 

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

 

25

 

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү

 

40

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр

 

Н.Момуналиев