Маданий-гуманитардык багыт

Учурда, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда маданий-гуманитардык кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсү байкалууда. Корея Республикасынын мамлекеттик органдары жана өкмөттүк эмес уюмдары тарабынан уюштурулган маданий иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Элчилигинин катышуусу, түштүк кореялыктар билбеген Кыргызстан менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Ушуга байланыштуу, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчилигинин аракеттери Кыргызстанды Түштүк Кореянын инвесторлору жана туристтери үчүн таанымал жана жагымдуу кылууга багытталган.

Коронавирустук пандемияга карабастан, элчилик маданий уюмдар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эки тараптуу жолугушууларды, аймактардын өкүлдөрү менен өз ара байланыштарды орнотууну улантууда. Билим берүү жаатында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын университеттеринин ортосунда кызматташтык түзүлдү. 2020-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Түштүк Кореянын Конкук университети (июнь айында кол коюлган) жана Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы менен Түштүк Кореянын Конкук Университетинин (июль айында кол коюлган) жана Инха Университети менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясынын (май айында кол коюлган) ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн. 2021-жылдын апрелине карата Корея Республикасында 338 кыргыз жараны окуп жатат.

Учурда Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жигердүү түрдө ишке ашырылууда.

Элчилик Түштүк Кореянын ар кайсы шаарларында өткөн туристтик фестивлалдарда, ошондой эле онлайн платформаларда Кыргызстандын масштабдуу презентацияларын үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Элчиликтин презентацияларында кыргыз жана корей элдеринин окшоштугу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуунун потенциалы белгиленет.

Маданият жаатында кино күндөрү өткөрүлүп, анда кыргыз кинотасмалары, ошондой эле кыргыз дизайнерлери катышкан мода көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Кванжу шаарында жайгашкан Азия маданий борбору менен кызматташуу өнүгүдө.