Саясий кызматташтык

1991 жылдын декабрь айында Корея Республикасы алначкылардан болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. 1992 жылдын январь айында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер тʏзʏлгɵн. 2007 жылдын сентябрь айынан тартып Корея Республикасынын Элчилиги Бишкек шаарында иштей баштаган жана 2008 жылдын октябрь айында Корея Республикасынын биринчи Элчиси аккредитацияланган.

2008 жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Корея Республиксында ачылган жана ушул эле жылдын октябрь айында Кыргызстандын биринчи Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ɵзʏнʏн Ишеним грамотасын тапшырган.

Дипломатиялык мамилелер тʏзʏлгɵн учурдан тартып Кыргызстан менен Корея Республикасынын мамилелери ɵз нугунда ɵнʏгʏʏдɵ. Ушул убакыттын аралыгында эки ɵлкɵнʏн мамилелери баардык тараптарда ɵнʏгʏʏcʏ ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ ишке ашты. Кыргызстан Тʏштʏк Кореяны ɵзʏнʏн Азия регионундагы бирден бир приоритеттʏʏ ɵнɵктɵшʏ катары баалайт. Ушуну менен бирге эле Корея Республикасы менен мындан аркы кызматташтыкты достук жана ич ара кызыкчылыктын негизинде ɵнʏктʏрʏʏгɵ кызыктар.

Кыргызстан жана Корея Республикасы кɵптɵгɵн эл аралык уюмдардын дэңгээлинде бири бирине колдоо кɵрсɵтʏшɵт, ɵзгɵчɵ Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында. Ошондой эле эки мамлекет ɵзʏлɵрʏнʏн ич ара кызматташтыгын «Борбор Азия жана Республика Корея» Форумунун алкагында дагы жигердʏʏ ɵнʏктʏрʏшʏʏдɵ.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасына болгон сапарларынын тизмеcи

Август 1993 ж.

Премьер-министр Т.Чынгышев

Март 1994 ж.

Премьер-министр А.Джумагулов

Июнь 1997 ж.

Президент А.Акаев

Ноябрь 2002 ж.

Вице-премьер-министр Ж.Оторбаев

Октябрь 2004 ж.

Вице-премьер-министр К.Джумалиев

Июль 2006 ж.

Тышкы иштер Министри А.Джекшенкулов

Ноябрь 2007 ж.

Премьер-министр А.Атамбаев

Апрель 2008 ж.

Вице-премьер-министр А.Айдаралиев

Октябрь 2008 ж.

Экономикалык ɵнʏгʏʏ жана соода Министри А.Жапаров

Август 2009 ж.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаев

Ноябрь 2010 ж.

Тышкы иштер министринин орун басары Н.Айтмурзаев

Июнь 2012 ж.

Премьер-министр О.Бабанов

Июль 2012 ж.

Тышкы иштер Министри Р.Казакбаев

Декабрь 2012 ж.

Энергетика жана ɵнɵр жай министри А.Калманбетов

Ноябрь 2013 ж.

Президент А.Атамбаев

Февраль 2014 ж.

Жогорку Кеңештин Тɵрагасы А.Жээнбеков

Июль 2014 ж.

Жогорку соттун тɵрайымы Ф.Джамашева

Январь 2015 ж.

Жогорку Кеңештин Тɵрагасынын орун басары Ч.Султанбекова

Май 2015 ж.

Экс - Президент Р.Отунбаева

Октябрь 2015 ж.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Д.Кемелова

Октябрь 2016 ж.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Д.Кемелова

Июнь 2017 ж.

Жогорку Кеңештин Тɵрагасынын орун басары А.Омурбекова

Ноябрь 2018 ж.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Д.Кемелова

Ноябрь 2018 ж.

Башкы прокурор КР Ɵ.Джамшитов

Октябрь 2019 ж.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов

Ноябрь 2020 ж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев

Сентябрь 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын Инвестиция министри А.Шыкмаматов

Октябрь 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.Ниязбеков


Корея Республикасынын Кыргыз Республикасына болгон сапарларынын тизмеcи

Ноябрь 2002 ж.

Соода, ɵнɵр жай жана энергетика Министри Шин Гук Хван

Август 2007 ж.

Эмгек Министри Ли Санг Су

Август 2008 ж.

Улуттук Ассамблеянын тɵрагасынын орнун басары Ли Юнь Цзин

Октябрь 2016 ж

Тышкы иштер министринин орун басары Ли Тэ Хо

Март 2017 ж.

Салматтыкты сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Панг Мун Киу

Апрель 2017 ж.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу Министри Ли Ки Квон

Сентябрь 2017 ж.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Лим Сонг Нам

Октябрь 2018 ж.

Тышкы иштер министринин орун басары Юнг Кан Хён

Май 2019 ж.

Башкы прокурор Мун Мо-ил

Июль 2019 ж.

Премьер-министр Ли Нак Янг

Апрель 2021 ж.

Улуттук Жыйынынын спикери Пак Бён Сук

Ноябрь 2021 ж. 

Түштүк Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Пак Чон Су