Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 20-мартында түзүлгөн.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер союздук жана стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасы 376дан ашык (201 мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык, 156 ведомстволор аралык жана 19 башка документтер) келишимдерден, макулдашуулардан жана өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чөйрөлөрүн жөнгө салуучу башка документтерден турат.

Негизги документтер болуп 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишими, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларация, 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларация саналат.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери эки өлкөнүн ортосунда жогорку жана бийик деңгээлдеги иш-сапарлардын, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун жана парламенттеринин жетекчилеринин линиясы боюнча иш-сапарлардын жогорку динамикасы сакталып келет. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда эң жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз ишенимдүү саясий диалог түзүлдү.

Кызматташтыктын деңгээли БУУ, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу да, көп тараптуу да өз ара аракеттенүү активдүүлүгү менен айырмаланат.

2023-жылдын ичинде жигердүү саясий кызматташтык жүрүп жатат, алардын ичинен төмөнкүлөрдү баса белгилесек болот:

2023-жылдын 7-9-майында россия тараптын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Россия Федерациясына расмий иш-сапары менен келип, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш парадына жана Ржев шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлердин мемориалдык эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Сапардын алкагында Россия Федерациясынын Президенти В.Путин, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы В.Матвиенко, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы М.Мишустин менен жолугушуусу болду.

4-марттан 7-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы А.Жапарова «Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу» аттуу биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн иш-сапар менен келип кетти.

2023-жылдын 7-июнунда Сочидеги ЕМПС жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы М.В.Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү.

Кыргыз делегациясын КР Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары А.Исаев, россиялык тарапты Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары О.Сыромолотов жетектейт.

2023-жылдын 27-июнунда Москва шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги кыргыз-орус тышкы иштер министрликтер аралык консультациялары болуп өттү. Жыйында кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин Биринчи орун басары А.Исаев, ал эми россиялык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары М.Галузин жетектеп барды.