Документерди таануу жана суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген документтерди таануу

1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык, компетенттүү мекеме же анын компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктуу адам тарабынан белгиленген формада берилген же күбөлөндүрүлгөн жана мамлекеттик мөөр менен ырасталган документтер, төмөнкү мамлекеттердин аймактарында эч кандай атайын күбөлүксүз кабыл алынат:

  1. Азербайжан Республикасы;
  2. Армения Республикасы;
  3. Беларусь Республикасы;
  4. Грузия;
  5. Казакстан Республикасы;
  6. Молдова Республикасы;
  7. Россия Федерациясы;
  8. Тажикстан Республикасы;
  9. Туркменистан;
  10. Өзбекстан Республикасы;
  11. Украина.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү мекемелери тарабынан берилген жана гербдүү мөөрү басылган документтер Россия Федерациясынын аймагында эч кандай атайын күбөлүксүз кабыл алынат (Мисалы: Кыргыз Республикасынын ЗАГСынын Республикалык жарандык архивинен берилген нике жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымкат Кыргыз Республикасынын Элчилигинин же башка органынын мөөрү менен күбөлөндүрүүнү талап кылбайт).

 

Документтерди суратуу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнөн жеке арыздын негизинде төмөнкү документтерди (эгер сизде консулдук эсеп бар болсо) талап кылсаңыз болот:

  1. Кыргызстандын аймагында соттолгон эмес деген маалымдама
  • паспорт (оригинал)
  1. Айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы
  • паспорт (оригинал);
  • айдоочулук күбөлүк (оригинал).
  1. Нике тууралуу күбөлүк (үй-бүлөлук абалы)
  • жарактуу паспорттун түп нускасы;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • эгерде жеке маалыматтар мурда өзгөргөн болсо фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртгөндүгү жөнүндө күбөлүк;
  • мурда үйлөнүп/күйөөгө тийип, ажырашкан болсо – ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк;
  • арыз берүүчү мурда никеде болуп, бирок жубайы/жолдошу каза болуп калган болсо өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.

 

 

ЗАГС маселелери

Кыргыз Республикасынын нике күбөлүгүн берүү жана никени каттоо

  1. азыр бере турган адамдардын экөөнүн тең пасапорту (оригиналы);
  2. азыр бере турган адамдардын экөөнүн тең мурда үйлөнбөгөн/күйөөгө тийбегендигин тастыктаган маалымдама;
  3. эгер ажырашкан болсо ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (оригинал);
  4. жубайы/жолдошу каза болгондугу тууралуу күбөлүк (оригинал)

Баасы  10 АКШ доллары (рубль түрүндө төлөнөт).

 

Баланын туулгандыгын каттоо жана Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүү

  1. төрөтканадан справка (оригинал);
  2. ата-энесинин паспорту(оригиналы);
  3. нике тууралуу күбөлүк (нике катталган болсо оригиналы)

Баасы  5 АКШ доллары (рубль түрүндө төлөнөт).