Консулдук каттоо
КОНСУЛДУК КАТТООГО ТУРГУЗУУ
Кыргыз Республикасынын жарандарына натыйжалуу консулдук кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коргоо максатында, Элчилик «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу боюнча иштерди жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтому менен Россия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Элчиликке жеке өзү келип да, аралыктан да (жаран жеке өзү кайрылбастан) туруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Убактылуу консулдук каттоого туруу үчүн жарандар төмөнкү документтерди берүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту (идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту).
Өзү жеке кайрылбастан убактылуу консулдук каттоого туруу үчүн (аралыктан) жарандар msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине сканерден өткөн төмөнкү документтерди жөнөтүшү керек:
- формага ылайык толтурулган каттоо карточкасы (көчүрүү);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту;
- Бети так, даана тартылган түстүү сүрөт.
Консулдук каттоого тургузуудан баш тартууга каттоо картасынын жоктугу же туура эмес толтурулгандыгы негиз болуп саналат. Арыз берүүчү каттоо карточкасында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо максатында чыгып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук (туруктуу) каттоого туруу үчүн төмөнкү документтерди беришет/жөнөтүшөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (эл аралык);
- «Каттоодон чыгарылган» деген мөөр басылган даректүү баракча.
Убактылуу жана туруктуу консулдук каттоого туруу акысыз жүргүзүлөт
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекетте каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын арызы боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- Жаран Кыргыз Республикасына кайткан учурда;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кетиши;
- Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жерин өзгөртсө, атап айтканда бир мамлекеттин ичинде эле бир консулдук мекеменин округунан башка консулдук мекеменин округуна жашоо үчүн көчүп кетсе.
Кыргыз Республикасынын жаранын чет өлкөдө консулдук каттоодон чыгаруу төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы жок эле ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.
Консулдук каттоодон чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасына кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу менен чыга алат.
Консулдуктан каттоодон чыгуу акысыз ишке ашырылат.
Зарыл болгон учурда жарандар консулдук каттоого туруу же консулдук каттоодон чыгаруу үчүн жарандык паспортко мастика мөөр коюу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылууга укуктуу.
Консулдук каттоого туруу чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн зарыл шарттардын бири экенин эскертебиз.
КOНСУЛДУК ЖЫЙЫМДАРДЫН ТАРИФТЕРИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЧЕЧИМИ
Бишкек ш., 2012 - жылдын 18 – декабры, N 839
Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн чогултулган каражаттар боюнча
№ |
Консулдук кызматтардын аталышы |
Кыргызстанда консулдук кызмат көрсөтүү үчүн чогултулган каражаттардын нормасы (сом). |
Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ доллары) Кыргызстандын чегинен тышкары, кабыл алуучу өлкөнүн валютасындагы алмашуу курсу боюнча төлөм |
1 |
- Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү: |
|
|
|
- анкеталарды каттоо жана маалыматтарды иштеп чыгуу |
|
30 |
2 |
Визаны иштетүү жана визаны колдоо: |
|
|
|
1) бир жолку визаны берүү: - 1 айга чейин |
3589 |
50 |
|
2) бир жолку визанын мөөнөтүн көбөйтүү: - 30 күн сайын (1 айга чейин) |
704 |
10 |
|
3) бир студенттик визанын мөөнөтүн көбөйтүү: - 30 күн сайын (1 айга чейин) |
352 |
5 |
|
4) көп жолку визаны берүү: - 1 айга чейин |
4315 |
60 |
|
5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу: - 30 күн сайын (1 айга чейин) |
1078 |
15 |
|
6) көп студенттик визанын мөөнөтүн узартуу: - 30 күн сайын (1 айга чейин) |
704 |
10 |
|
7) транзиттик визаны каттоо: |
|
|
|
- беш күнгө чейин |
1783 |
25 |
|
8) чыгуу визасын тариздөө; жаңы саякат документине виза которуу |
5020 |
70 |
|
9) бир адамга визалык колдоо көрсөтүүнү каттоо |
352 |
5 |
3 |
Кыргыз Республикасына кайтуу жөнүндө күбөлүк берүү (СВР) |
|
10 |
4 |
Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти легалдаштыруу: |
|
|
|
1) жеке жактар үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандары |
352 |
5 |
|
2) жеке жактар үчүн - чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар |
3589 |
50 |
|
3) юридикалык жактар үчүн |
7189 |
100 |
|
4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары биргелешип көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн ар бир документти легалдаштыруу; |
1431 |
20 |
5 |
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн документтерди тариздөө |
|
510 |
6 |
Балага жарандыкты тандоо боюнча документтерди тариздөө |
|
10 |
7 |
Кыргыз Республикасынын жарандыгын белгилөө (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо): |
|
|
|
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн |
|
10 |
|
2) чет өлкөлүк жарандар үчүн |
|
50 |
8 |
Никени каттоо: |
|
|
|
1) никени каттоо жана нике күбөлүгүн берүү |
|
10 |
|
2) никени соттон тышкаркы тартипте каттоо жана ажырашуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарап) |
|
50 |
|
3) фамилияны, атын, атасынын атын өзгөртүү боюнча материалдарды тариздөө жана тариздөө |
|
10 |
|
4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү |
|
10 |
9 |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жасалган нотариалдык аракеттер |
|
10 |
Паспортту берүүдө форманын баасы кошумча төлөнөт:
Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспорту
|
Төлөм (сом) Төлөм Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төлөм күнүндөгү курсу боюнча рубль менен жүргүзүлөт
|
Биринчи жолу алуу же мөөнөтүн алмаштыруу |
957 |
Жоголгон же бузулган үчүн алмаштыруу |
1057 |
Аты- жөнүн алмаштырганда |
857 |
Идентификациялык карта (ID-карт) |
|
Биринчи жолу алуу же мөөнөтүн алмаштыруу |
486 |
Жоголгон же бузулганы үчүн алмаштыруу |
686 |
Аты- жөнүн алмаштырганда |
546 |