Өлкө тууралуу маалымат

Россия Федерациясы жөнүндө өлкө таанытуучу маалымат

Расмий аталышы        - Россия Федерациясы (РФ)

Аянты                           - 17 075 400  чарчы км.

Россиянын борбору     - Москва

Географиялык жайгашуусу.  Мамлекет эки континентте - Европа жана Азияда орун алган. Түштүк жана түштүк чыгышында Кытай менен, түштүк-чыгышында – Түштүк Корея, түштүгүндө Казакстан, Монголия, Грузия жана Азербайжан менен, түштүк-батышында - Украина, батышта - Финляндия, Беларусь, Эстония, Латвия жана Норвегия менен чектешет. Мындан сырткары, Калининград облусу, России Балтика деңизинин жээгинде анклав катары Польша жана Литва менен чектешет. Ошондой эле Россиянын аймагына Новая Земля, Северная Земля, Вайгач аралдары, архипелаг Земля Франц-Иосиф, Новосибирск аралдары, Түндүк Муз океанындагы Врангель аралы; Курильск аралдары (Курильск аралдарынын бир бөлүгү - Итуруп, Кунашир, Шикотан – азыркы кезде Япония менен талаш маселеси болуп калууда) жана Тынч океандагы Сахалин аралы кирет. Чыгыш тарапта Россия Япон, Охотск жана Беринг деңиздери менен Беринг кысыгы менен, түндүгүндө  - Баренц, Карск, Чукотск жана Чыгыш-Сибирь деңиздери, Лаптевы деңизи менен, батышынан – Балтийск деңизи Фин кысыгы, түштүгүндө - Кара жана Азовск деңиздери менен  курчалган.

Калкы жана тили. РФнын бардык аймагында расмий (мамлекеттик) тили – орус тил. 2002 – жылдагы эл санактын жыйынтыгы боюнча Россиянын саны 145287,4 миң адамды түзгөн.

Акча бирдиги – рубль.

Башкы шаарлары, административдик бөлүнүшү: РФнын курамына: 22 республика, 6 край, 49 облус, федералдык маанидеги шаарлары Москва жана Санкт-Петербург, автономдук облус 10 автономдук округ кирет.

2014-жылдын март айында Россия Федерациясы Крым жарым аралынын аймагын өзүнө бириктирген. Бул окуяга Украинадагы бийликтин («Евромайдан») алмашусу негиз болгон. 6 - мартта референдум менен Крымды Россияга киргизүү тууралуу маселе добушка коюлган. 11 - мартта Крым Автономиялык Республикасынын Жогорку Совети жана Севастополь шаардык кеңеши менен Көз карандысыздык тууралуу Декларация кабыл алынган. 16 - мартта Крымдын статусу тууралуу референдум өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен Крымдын Россияга кошулуусу кабыл алынган. 2014 – жылдын 17 мартында бир тараптуу негиде көз карандысыз Крым Республикасы  жарыяланган, ал эми 18 - мартта Крым Россия менен РФнын курамына кирүү тууралуу келишимге кол койгон. 11 апрелде Крым Республикасы жана федералдык маанидеги шаар Севастополь Россиянын Конституциясында РФнын субъектилеринин катарына киргизилген.

Эл аралык коомдоштук Крымды Россия Федерациясынын курамына киришин тааныган эмес, жана Украинанын жарым аралы катары кароону улантышууда.

Дини. РФнын аймагындагы диний конфессиялардын ичинен көп сандагысы православ дини болуп саналат, көп улуттуу Россиянын жашоочулары  ошондой эле  ислам, католицизм, иудаизм, буддизм диндерин тутушат.

Мамлекет башчысы -  Президент РФ.

Мамлекеттик майрамдары:

-1,2,3,4,5 - январь – Жаңы жыл жана Жаңы жыл майрамдары;

-7 январь - Рождество Христово;

- 23 февраль – Ата-Мекенди коргоо күнү;

- 8 март – Эл аралык Аялдар күнү;

- 1 жана 2 май – Жаз жана Эмгек майрамы;

-  9 май – Жеңиш күнү;

- 12 июнь –Россиянын Күнү;

- 4 ноябрь – Элдик биримдик күнү;

-  12 декабрь – РФнын Конституциясынын күнү.

Саясий түзүлүшү. Россия – федеративдик республика. Мамлекет башчысы - президент, аткаруу бийлиги өкмөт башчысы жетектеген Өкмөткө баш иет. Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палатадан турган: Федерация Кеңеши жана Мамлекеттик Дума Федералдык жыйын ишке ашырат.

Бийлик түзүмү. Россия – башкаруунун республикалык формасындагы демократиялык федеративдик укуктук мамлекет. Россия Федерациясында мамлекеттик бийликти өлкөнүн Президенти, Федералдык жыйын, Өкмөт, соттор ишке ашырышат.

Конституциялык түзүлүштүн негиздерине бийликти бөлүштүрүү принциби карайт. Ага ылайык бийлик бир адамдын колунда эмес, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарында бөлүштүрүлүшү керек.

Президенттин алдында консультативдик органдар – Коопсуздук Кеңеши жана Мамлекеттик Кеңеши иштейт. Бул Кеңештерде Президент төрагалык кылат.

Президент өзүнүн Администрациясын калыптандырат. Ал мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүн камсыздайт, Конституция кепилдик берген кызматтарды ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзөт.

Президенттик бийликтин түзүмүнө федералдык округдардагы Президенттин ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет.