Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы - Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Карасинге Ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшыруусу тууралуу
2019-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Статс-катчысы - Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Карасинге Ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.
Г.Карасин жылуу кабыл алуу менен, А.Джекшенкуловду Россия Федерациясында дипломатиялык миссиясынын баштоосу менен куттуктады жана жооптуу ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды, эки өлкөнүн жана элдин салтка айланган өз ара ишеним, сыйдын негизиндеги стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча аракеттер билдирилди.