Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн 2024-жылдын февралындагы ишмердүүлүгү жөнүндө пресс-релизи

335

2024-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Канцеляриялар менен бирдикте Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды: 

  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 28 жолу барды;
  • 43 Кыргыз Республикасынын жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
  • оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 10 жараны мекенге кайтарылды;
  • Россия Федерациясынын сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 39 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
  • 1470 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 6 сот отурумуна катышуу ишке ашырылды;
  • Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен  16 жолугушуу өткөрүлдү;
  • Россия Федерациясынын Краснодар жана Камчатск крайындагы шаарындагы 169 Кыргыз Республикасынын жаранына жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттеринин катышуусунда 15 иш-чара өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 6432 адамга консультация берилди, чат-бот аркылуу 1110 жаран керектүү маалымат алышты.

2024-жылдын февраль айында Элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 22633 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK