Элчиликтин 19-марттагы маалыматтык билдирүүсү

729

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 2024-жылдын 21-24-март күндөрү жумушчу эмес күндөр болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 21-24-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын билдиребиз.

Ошону менен бирге, консулдук бөлүмдө тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон учурларда мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында, нөөмөт жана ишеним телефондору болот: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK