Кыргыз Республикасы 2024-жылдын 19-мартынан 21-мартына чейин Москвада «Крокус Экспо» эл аралык көргөзмө борборунда өтүүчү 30-Эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсүнө катышууда

164

Кыргыз Республикасы 2024-жылдын 19-мартынан 21-мартына чейин Москвада «Крокус Экспо» эл аралык көргөзмө борборунда өтүүчү 30-Эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсүнө катышууда. Катышуучулардын арасында Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилиги жана өлкөнүн туризм тармагындагы 13 компаниясы бар.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен 19-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсү ачылды, анда катышуучулар өлкөнүн уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрү, салттуу маданияты, ошондой эле туризм тармагындагы заманбап инновациялар жана долбоорлор тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары Москвадагы кыргыз диаспорасы стендди жасалгалоого жардам көрсөтүштү.

Иш-чаранын алкагында Элчилик россиялык алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат жыйынын уюштурду: РИА Новости, ТАСС, МТРК «МИР», «Комсомольская правда» басылмасы, ТВ «Большая Азия», «Региональная Россия» журналы, «Деловая Евразия» талдоо порталы жана «Посольская жизнь» тармактык басылмасы.

Ошондой эле көргөзмө аянтында Элчилик Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна туризм тармагында биргелешкен кызматташуунун келечеги жөнүндө Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин көп тараптуу экономикалык кызматташтык жана атайын долбоорлор департаментинин директору Н.Кондратьев менен, Росконгресс Фондунун «Саякат» россиялык туристтик форумунун директорунун орун басары Л.Мордвинцева менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөттү.

Маалымат үчүн: «MITT» эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү туризм чөйрөсүндөгү эң ири иш-чара болуп саналат, анын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, келишимдерди түзүшөт жана мындан аркы долбоорлорду пландаштырышат. Көргөзмө Россия Федерациясынын Өкмөтү, Мамлекеттик Думанын Туризм жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитети, Федерация Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети жана башка мамлекеттик органдар тарабынан колдоого алынган.

Иш-чаранын кесипкөй катышуучулары болуп 21 өлкөдөн жана Россиянын 57 регионунан 768 компаниянын өкүлдөрү саналат. Чет өлкөлүк коноктордун арасында улуттук стенддерди Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Беларусь, Кытай, Индия, Египет, Иран, Таиланд, Тунис, Түркия, Шри-Ланка ж.б. ачты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK