Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандардын алдын ала тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны жөнүндө маалымат такталган жок
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте 2024-жылдын 22-мартында “Крокус Сити Холлдо” болгон трагедиялуу окуянын жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Респуликасынын жарандары тууралуу маалыматты тактоо боюнча иштерди улантат. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандардын алдын ала тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны жөнүндө маалымат такталган жок. Министрлик жана Элчилик окуяга көз салууну улантат.