Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат, Элчиликтин кызматкерлери донор борборлорунда кан тапшырып жаткан россиялыктардын катарын толуктады
Крокус Сити Холлдогу үрөй учурган террордук чабуулдан жабыркагандарга колдоо жана жардам көрсөтүү белгиси катары, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат, Элчиликтин кызматкерлери, ошондой эле Москва шаарында жашаган Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары, донор борборлорунда кан тапшырып жаткан россиялыктардын катарын толуктады.