Эл аралык «MITT-2024» туризм жана меймандостук көргөзмөсүнүн алкагында КР РФдеги Элчилиги тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Нооруз жаз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду

160

2024-жылдын 21-мартында «Крокус Экспо» Эл аралык көргөзмө борборунда Эл аралык «MITT-2024» туризм жана меймандостук көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Нооруз жаз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Программанын жүрүшүндө «МИР ВАМ» билим берүү борборунун жетекчиси Р.Адышева жазгы күн менен түндүн теңелген ыйык күн катары бааланган майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берди.

Көргөзмөнүн атайын аянтчасында көрүүчүлөргө «Асыл Ордо» фольклордук ансамблинин солисттери болгон Москвада эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды.

Өлкөнүн уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрү, салттуу маданияты, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү заманбап жаңылыктар жана долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматтарды тартуулаган Кыргыз Республикасынын улуттук экспозициясына улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, анын ичинде тери, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдары коюлду. Москвадагы «Кыргыз кербен» кол өнөрчүлөр уюму тарабынан коюлган кооз шырдактар көргөзмөгө өзгөчө көрк беришти.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору Москва шаарындагы «Кыргыз кондитерлеринин» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган кыргыздын улуттук ашканасынын кондитердик азыктарынан даам татышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK