Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги каргаша болгон күнү Крокус Сити Холл имаратында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын эки жаранын издөө иштерин улантууда

213

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги каргаша болгон күнү Крокус Сити Холл имаратында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын эки жаранын издөө иштерин улантууда.

Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана өлүкканаларга барып, мамлекеттик органдар менен иштешип жатат, ошондой эле жакындары менен дайыма байланышта болууда. Мындан тышкары, Кыргызстандын жараны Ш.Ф.Тургунбаев тууралуу маалымат келип түшөрү менен, Элчилик анын жакындары менен ыкчам байланыш түзгөн. Жакындары аны менен акыркы жылдары байланыш түзө электиги маалым болду.

22-март күнү Крокусто иштеген КР жарандарынан алынган маалыматка ылайык жаран Ш.Тургунбаев мурда кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтарга караганда, жаран тирүү. Элчилик аталган жарандын жайгашкан жерин тактап жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK