Элчиликтин 26-марттагы маалыматтык билдирүүсү

296

Москвадагы Шереметьево эл аралык аэропортунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу массалык маалымат каражаттарында тараган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү маалымдайбыз.
Ушул жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери жогоруда аталган аэропортко барып келишти, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жана «Аэрофлот» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.
Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандары тамак-аш жана суу менен камсыз болуп жатканы жеринде аныкталды.
Учурда 40 мекендешибиз мекенге жөнөтүүнү күтүп жатат. Бул жарандар авиакомпаниялардын жакынкы каттамдары менен Кыргыз Республикасына жеткирилет.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK