Соода-экономикалык кызматташтык

     2021-жылдын январь-июнь айларында соода жүгүртүү 4,333 млн АКШ долларын түздү, анын ичинен импорт – 4,324 млн АКШ доллар, экспорт – 0,9 млн АКШ долларды түздү.

     КР ЭФМнин маалыматына ылайык, импорттолгон товарлар: фармацевтикалык продукциялар, машина куруучу буюмдар (өнөр жай үчүн жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр жана алардын тетиктери, электр машиналары жана приборлору, ар кандай шаймандар), дан азыктары (жүгөрү), парфюмериялык-косметикалык буюмдар, пластмасса буюмдары ж.б.

     Соода-экономикалык кызматташтык өзүнүн калыптануусунун алгачкы этабында турат жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жооп берген тийиштүү өнүгүүнү ала элек.