Өкүлчүлүктүн тарыхы

Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 16-апрелинде түзүлгөн.

2021-жылдын 4-октябрында Мажарстандын Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилиги расмий түрдө ачылган.

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Т.Ч.Кушчубеков Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп дайындалган. Мажарстандын Президенти Янош Адерге Ишеним грамотасын тапшыруу аземи 2022-жылдын 25-мартында өткөн.

2022-жылдан 2023-жылдын августуна чейинки мезгил убагында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин ишмердүүлүгү өлкөлөр ортосундагы мамилелердин бардык тармактарында кыргыз-мажар кызматташтыгын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле Мажарстандын аймагында жашаган кыргызстандыктардын укуктарын коргоого багытталды.

Жалпысынан Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин деңгээлинин сапаттык кеңейүү тенденциялары байкалууда. Айрыкча 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Мажарстан менен болгон мамилелерибиздин мүнөзү абдан динамикалуу жана интенсивдүү болуп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жетүүдө. Ошону менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аны андан ары кеңейтүү үчүн тараптар ишке ашыра элек потенциал бар.

 

Саясий кызматташтык.

Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын кызматташтыгы жылдарында  жогорку деңгээлдеги 7 иш сапарлар болуп өттү: Мажарстандын Президенти А.Гёнцтин Кыргыз Республикасына расмий сапары (1997-ж.), Кыргыз Республикасынын Президенттеринин Мажарстанга 4 расмий жана 1 жумушчу сапары (1998, 2011, 2020, 2023-ж. февраль айы жана 2023-жылдын август айы), эки мамлекеттердин тарыхында Мажарстандын Премьер-министри В.Орбандын Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары    2018-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрына чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышуусунун алкагында Чолпон-Ата шаарында болду.

Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде тыгыз диалог жүргүзүлүп, анын натыйжасында тышкы иштер министрлеринин өз ара иш сапарлары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасында жана Мажарстанда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өз ара ачылышы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу жана өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.

Тараптар 1992-жылдын 16-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Мажарстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү Документте белгиленген принциптерге жана милдеттенмелерге мындан ары да берилгендигин ырасташат, 1997-жылдын 1-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Мажарстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын принциптери жана багыттары жөнүндө биргелешкен декларация, 2020-жылдын 29-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация, ошондой эле 2023-жылдын 13-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларация.

Өткөн 2022-жыл кыргыз-мажар эки тараптуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк үчүн эки тараптуу байланыштардын активдешүүсү менен мүнөздөлдү. 2022-жылдын биринчи жарымында Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун Бишкекке расмий сапары уюштурулду, ошондой эле ТүркПАнын Чолпон-Ата шаарындагы ишине катышуу үчүн вице-спикер Ш.Лежак баштаган Мажарстандын Парламентинин делегациясынын иш сапары уюштурулду, 2022-жылдын 10-ноябрында Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Мажарстандын Премьер-министри В.Орбан менен жолугушту, анын жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-мажар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алдында, кыргыз тарап тарабынан уюштурулган «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууда, эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-мажар кызматташтыгын өнүктүрүү максатында Элчилик Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун катышуусун иштеп чыкты.

Мындан тышкары, Элчилик БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» резолюциясынын долбоорунун алкагында Мажарстан биргелешип демөөрчүлүк кылуу маселесин иштеп чыкты.

2023-жылдагы саясий чөйрөдөгү негизги окуялардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Мажарстанга      2023-жылдын 13-14-февралында болгон расмий сапары болду.

Сапардын жүрүшүндө Президент С.Н. Жапаров Мажарстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде Мажарстандын Президенти жана Премьер-министри, ошондой эле өкмөт жана парламенттин мүчөлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана Мажарстандын Президенти К.Новак айым өз ара урматтоо жана пайда көрүү негизинде ар кандай тармактарда кызматташууну мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө эки тарап кызыкдар экендигин билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстандын Президенти С.Н. Жапаров Мажарстандын Премьер-министри В.Орбан менен экономикалык кызматташтык жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. Лидерлер өзгөчө соода, инвестиция жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Конструктивдүү диалог жана эки тараптуу кызматташтыктын, ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Бул жолугушуулар эки өлкөнүн ортосундагы саясий жакындашуунун жана ишенимди чыңдоонун ачык-айкын ырасталышы болду. Алар мындан аркы кызматташуу үчүн негиз түзүштү жана саясий чөйрөдө өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде эл аралык коопсуздук жана эл аралык уюмдарда кызматташуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Мажарстанга болгон расмий сапарын уюштуруу анын Европа Бирдигиндеги өлкөлөрүнө болгон алгачкы сапары жана эки өлкөнүн ортосундагы саясий жакындашууну жана достук мамилелерди чыңдоону баса белгилеген маанилүү тышкы саясий окуя болду. Бул сапар кызматташтыкты тереңдетүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастап, саясий диалогду жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

2023-жылдын 24-июлунда жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Будапешт шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев жана Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун төрагылыгы алдында кыргыз-мажар Стратегиялык Кеңешинин 3-жыйыны уюштурулду. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары К.Абдрахманов, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын Төрагасы У.Сарбанов кирди.

2023-жылдын 20-августунда Мажарстандын Премьер-министри В.Орбандын Мажарстандын улуттук майрамы Ыйык Иштван күнүнө жана жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Мажарстанга болгон иш сапарын Элчилик иштеп чыкты.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Мажарстандын Премьер-министри В.Орбан менен жолугушту. Ошондой эле мамлекет башчысы С.Н. Жапаров чет мамлекеттердин жетекчилери менен бирге ардактуу конок катары Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына барды. Мажарстандагы майрамдык иш-чараларга Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиев, Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдоган, Түркмөнстандын Президенти С.Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Ш.Мирзиёев, Сербиянын Президенти А.Вучич, Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани, Татарстан Республикасынын башчысы Р.Минниханов.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров менен Мажарстандын Премьер-министри В.Орбан кыргыз-мажар стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын февраль айында Мажарстанга болгон расмий сапары эки тараптын кызматташуусун өнүктүрүүгө түрткү бергенин белгилешти. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы сооданын оң динамикасы белгиленди.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Элчилик Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун ушул жылдын 12-14 февралындагы расмий сапарынын жана  ушул жылдын 20-августундагы жумушчу сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.

 

Кошумча аккредитацияланган өлкөлөр боюнча.

Элчиликти кошумча аккредитациялоо өлкөсү боюнча иштердин алкагында 2023-жылдын 12-июнунда резиденциясы Будапешт шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Т.Кушчубеков Словения Республиканын Президенти Наташа Пирц-Мусарга Любляна шаарындагы президенттик сарайда Ишеним грамотасын тапшырды.