Дипломатиялык миссиянын башчысы

Касымалиева Аида Камчыбековна

Нью - Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын

Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү

 

Касымалиева А.К. 2021-жылдын 23-декабрынан тартып Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү.

2017 - жылы Аида Касымалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган жана Парламентте жогорку кызмат орундарын ээлеген, анын ичинде 2018-жылдан тартып 2021-жылына чейин Төраганын орун басары жана 2021-жылы Төраганын милдетин аткаруу кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын астындагы аялдардын укуктары жана гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Кеңештин төрагасы болгон.

Буга чейин Эркин Европа/Азаттык Радиосунда корреспондент болуп, «Аль-Жазира» телеканалында Кыргызстан боюнча продюсер, НТС телеканалында башкы продюсер, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда (IWPR) Кыргызстан боюнча редактор болуп иштеген.

Адам укуктары, анын ичинде мигранттардын, аялдардын жана балдардын укуктары жөнүндө бир катар макалалардын автору. 2005 жана 2006-жылдары Азия өнүктүрүү банк институтунун жана АДБнын «Өнүгүп келе жаткан Азия журналистика» сыйлыгынын финалисти.

Касымалиева А.К. Бишкек Гуманитардык Университетинен (журналистика, артыкчылык менен) бакалавр даражасын алган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер боюнча магистрлик даражасын алган.