14-Эл аралык маданий алмашуу фестивалы

5717

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда маданий- гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүү, Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын пропагандалоо максатында, 2019-жылдын 20-январында Токио шаарынын Мегуро админситарциясы жана Мегуро эл аралык достук ассоциациясы уюштурган 14-Маданий алмашуу фестивалына Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги активдүү катышты.

Иш-чаранын алкагында келүүчүлөр кыргыз элинин салттары жана маданияты, элдик көркөм кол өнөрчүлүгү, улуттук тамактары, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алды. Ошондой эле кышкы туристтик сезон жөнүндө презентация жүргүзүлдү.

Иш-чарага 2000 ашуун адам катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK