Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу кызматташтыктын эң маанилүү багыттарынын бири – маданий-гуманитардык тармак. Элчилик ошондой эле Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA), Япон эл аралык кызматташтык борбору (JICE), Япон фонду (Japan Foundation) ж.б. уюмдар менен бирдикте ар кандай программалар жана долбоорлорду ишке ашырат.

Акыркы убактагы эң маанилүү деп төмөндөгү иш-чараларды белгилеп кетүүгө болот: Япон спорттук жана маданий делегациянын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу; Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнүнө жана эл жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун 90-жылдыгына карата кыргыз кино күндөрүн өткөрүү; ТҮРКСОЙ эл аралык оркестринин элдик инструменттеринде аткарылган Япониянын ар кайсы шаарларында 4 концерт аны менен кошо бир катар мастер-класстар жана лекциялырды уюштуруу; эл жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун 90-жылдыгына карата Токио шаарында концерт өткөрүү; кыргыз спортчулары Осака шаарындагы дзюдо боюнча Дүйнөлүк чемпионатына катышуу.

Ошондой эле, 2020-жылы башталган коронавирус пандемиясы турмуштун бардык тармагына өз өзгөрүүлөрдү киргизди. Коронавирус инфекциясын жайылышын токтотуу максатында киргизилген чектөөдөн улам мурда планга киргизилген иш-чаралар жокко чыгарууга мажбур болду.

Бирок, буга карабастан 2020-жылдын 15-декабрында Элчиликте Кыргызстандын тарых жана маданият кечеси өткөрүлдү. Кеченин коноктору Кыргызстандын тарыхы жана маданияты, ошондой эле кыргыз кол көркөм чыгырмачылык өнөрү менен жакыныраак таанышып алууга мүмкүн болду.

2021-жылдын 16-январында Токио префектурасынын Хамура шаарында Кыргыз Республикасы менен таанышууга багытталган Кыргыз фестивалы өттү.

Фестивалдын алкагында кыргыз аткаруучу Калыйман Уметбаева, Япон ырчы Мита Ре, ошондой эле Токио көркөм институтун япон комузчулары өнөрүн көрсөтүп, кыргыз маданияты, туризм, продукциясын презентациясы, жана Кыргызстандын ландшафттарын, улуттук кийимдерин жана сувенирлерин фотокөргөзмөсү болду.

Хамура шаарын мэри Ш. Намики Элчи М. Арстанбаевге Токиодогу Олимпиада оюндарын дзюдо боюнча катышуучу кыргыз спортчуларын колдоо көрсөтүү максатында чыгарылган альбомду тапшырып берди.

2021-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын жаш сүрөтчүлөрүнө шарт түзүлүп, Токиодогу Улуттук көркөм борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Көркөм өнөр чексиз» темадагы 18-чи Эл аралык көргөзмөгө катышууга мүмкүн болду.

Кыргызстандын 15 жаш сүрөтчүлөр, анын ичинде балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышууга ээ болушту. Көргөзмөдө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 180ден ашык чыгармалар көргөзүлдү.

Ошондой эле, 2021-жылдын март айында Элчиликте Минато шаарын тургундары жана башка Элчиликтердин катышуусу менен «World Festival» өткөрү планда эле, бирок Минато шаарын мэриясы Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү байланышта бул иш чараны кеч мөөнөткө жылдырды.

2021-жылдын 1-июнунан баштап 17-июнга чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Осака шаарында өткөн 2022-жылдын футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандама матчтарына катышууга ээ болушту.

2021-жылдын 22-июлунан баштап 10-августуна чейин Кыргыз Республикасынын 16 ар түрдүү спортчулары Токиодогу Олимпиада оюндарына катышышты. Кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалына ээ болушту. Ошондой эле Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча коло медалына ээ болду. Олимпиаданын жыйынтыктоо зачету боюнча Кыргызстан 70чи орун алды.

2021-жылдын 20-августунан баштап 8-сентябрга чейин Токио шаарында Кыргыз Республикасынын параспортсмендери Паралимпиада оюндарына катышат. Яманаши шаарын тургундары, Яманаши шаары кыргыз пауэрлифтинг параспортсмендердин хост тауну болгондуктан, Паралимпиада оюндарын пауэрлифтинг боюнча катышуучу кыргыз параспортчуларын колдоо көрсөтүү максатында иштеп-чыккан желек тапшырышты.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын 30-жылдык Эгемендүүлүгүнө караштуу, ошондой эле 2022-жылы Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30-жыл экендигин эске алуу менен, Элчилик япон тарап менен бирге жогоруда белгиленген окуяларга арнап бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу планда.