Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Япония менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 2019-жылы (январь-декабрь) 25 миллион 650 миң АКШ долларын түздү, анын ичинен экспорт 337 миң АКШ долларын, ал эми импорт 25 миллион 313 миң АКШ доллар.

2020 -жылы (январь -декабрь) 22 миллион 702 миң АКШ долларын түздү, анын ичинен экспорт - 600 миң АКШ доллары, импорт - 22 миллион 103 миң АКШ долларын түздү.

2021-жылдын биринчи жарымында соода - экономикалык кызматташтыктын негизги окуяларынын бири - "Борбор Азия - Виртуалдык ЭКСПО" көргөзмөсү болуп саналат (2021 -жылдын 1-26 -февралы), 2021 -жылдын 17 -февралында көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана дарамети боюнча вебинар болуп өттү. Кыргыз Республикасынын компанияларынын, мамлекеттик органдарынын презентациялары көрсөтүлдү жана В2В сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Виртуалдык көргөзмөдө ОсОО «Томат КейДжи», Studio CHAPANSAR, ОсОО «Арония Фарм», ОсОО «Киртаун Лайн», Эт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы «Кыргыз-Эт», ОсОО «Aiko Seiko», кооператив «Алыш-Дан Органик», ОсОО «Улай Стиль», ОсОО «Экопродукт Азия» жана ОсОО «Империал Групп Компани» компаниялары тууралуу маалымат берилди.

Учурда эки тараптын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда экономикалык багыттагы биргелешкен иш - чараларды өткөрүү аркылуу (семиранлар, бизнес жолугушуулар) түздөн түз байланыштарды түзүү боюнча жана потенциалдуу өнөктөштөрдү издөө максатында иш-чаралар жүрүп жатат.

Гранттык келишимдер

 

Долбоор

Датасы

Суммасы

Адам ресурстарын өнүктүрүү стипендиалык программасы (JDS)

2021-жылдын 29 июлу

 

301 млн. йен

Жаңы коронавирус инфекциясынан жабыркаган балдарга сапаттуу билим берүү долбоору

2021-жылдын 4-августу

298 млн. йен