Өлкө туралуу маалымат

Чыгыш Азиядагы мамлекет, Хоккайдо, Хоншю, Шикоку жана Кюшю аралдарында, ошондой эле аларга туташ 6848 майда аралдарда жайгашкан. Аймагы - 377 900 км2. Климатынын негизги өзгөчөлүктөрү – муссондук жана нымдуулук, температуранын деңгээли суук түндүктө жана субтропикалык түштүктө айырмаланат. Токио менен Бишкектин убактысынын айырмасы      3 саатты түзөт.

Калкы – 2022-жылдын 1-январына карата маалыматтарга ылайык 125,927 млн. адам, 90,7%ы шаарларда жашашат. Жыштыгы – бир чарчы километрге 332,2ге жакын адам. 98,5 %дан ашыгы - этникалык япондор, 0,5 %ы – корейлер, 0,4 %ы - кытайлар.

Административдик бөлүнүшү - 47 префектура. Борбору – префектура статусуна ээ болгон Токио шаары (калкы - 13,3 млн. адам.). Жалпысынан Японияда миллиондук 12 шаарлар бар, ал жерлерде өлкөнүн калкынын 21%ы жашайт. Токиодон сырткары, бул Иокогама, Осака, Нагоя, Саппоро, Кобэ, Киото, Фукуока, Кавасаки, Сайтама, Хирошима, Сэндай шаарлары.

Расмий тили – япон тили. Негизги диндери - синтоизм жана буддизм.

Акча бирдиги - иена. Долларга карата коммерциялык курс боюнча 2022-жылдын октябрына карата 1 АКШ доллары үчүн 148 иенаны түзөт.

Япониянын мамлекеттик-саясий түзүлүшү конституциялык парламенттик монархияга негилделген. 1947-жылдан бери колдонуудагы Конституцияга ылайык, Император мамлекеттин жана элдин биримдигинин символу болуп эсептелет, Өкмөттүн көзөмөлү астында чектелген өкүлдүк ишти аткарат. Император Нарухито (такты 2019-жылдын 1-майынан ээлейт)  туулган күнү - 23-февралы, улуттук майрам болуп эсептелет.

Жогорку мыйзам чыгаруу органы – Парламент, эки палатадан – Өкүлдөр палатасынан (төмөнкү палата, 465 депутат) жана Кеңешчилер палатасынан (жогорку палата, 242 депутат) турат. Өкүлдөр палатасынын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 4 жылды, Кеңешчилер палатасыныкы - 6 жылды түзөт (жогорку палатанын курамынын жарымын ар 3 жылда кайра шайлоо менен).

Аткаруу бийлигин Парламент шайлаган жана Императордун указы менен бекитилген, Премьер-министр башында турган Министрлер кабинети жүзөгө ашырат. Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида мырза.

Согуштан кийинки көп жылдар бою Япония АКШдан кийинки дүйнөнүн экинчи экономикалык державасы болуп келген. Бирок, 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайга уттуруу менен үчүнчү орунга жылып калды. Дүйнөлүк ИДПнын 6%ы Японияга туура келет.

Япония жашоонун узактыгы боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт (эркектер – 84,85 жаш, аялдар – 89,73 жаш). Азыркы учурда өлкө коомдун «картайышы» көйгөйүнө туш келди, бул социалдык чөйрөгө, саламаттык сактоого жана пенсиялык камсыздоого жумшалган чыгымдардын өсүшүнө алып келди.