2018-жылдын 18-ноябрында Хамаматцу шаарынын музыкалык аспаптар музейинде концерт өттү
ТҮРКСОЙдун 25 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин демилгеси менен 2018-жылдын 18-ноябрында Хамаматцу шаарынын музыкалык аспаптар музейинде концерт өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси С.Раев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Д.Касеинов катышты.
Хамаматцу шаарынын музыкалдык аспаптардын музейи 1995-жылы негизделген, ошондой эле Япониянын музыкалык аспаптар музейи бир гана мамлекеттик музейи болуп саналат. Музейде дүйнө жүзүнүн ар тарабынан 1300дөн ашуун инструменттер жыйнагына ээ болгон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси С.Раевдин Хамаматцу шаарынын музыкалдык аспаптар музейинин директору Казухико Шима менен жолугушуунун жүрүшүндө, музейде кыргыз элдик аспаптарга арналган бир бурчун түзүү маселесин улантуу макулдашылган.