2024-жылдын 6-февралында Элчи Э.Осоев Вакаяма префектурасынын депутаты Мори Рейко айым менен жолугушту.

155

2024-жылдын 6-февралында Элчи Э.Осоев Вакаяма префектурасынын депутаты Мори Рейко айым, Кыргыз Республикасынын Кансай аймагындагы ардактуу консулу Т.Бунно мырза, ошондой эле Япониянын «Ракуго» театрынын өкүлү Р.Хэйичи мырза менен жолугушту.

Элчи Э.Осоев кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берип, Кыргыз Республикасы менен Япониянын региондорунун ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде депутат Мори Рэйко айым Вакаяма префектурасы Кыргыз Республикасы менен кызматташууга, өзгөчө билим алмашуу жаатында кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар билим берүү жана маданий алмашуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактары менен Вакаяма префектурасынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Элчи Э.Осоев пландарды жана макулдашууларды биргелешип ишке ашырууну улантууга даярдыгын билдирди.

  • 2024-жылдын 6-февралында Элчи Э.Осоев Вакаяма префектурасынын депутаты Мори Рейко айым, Кыргыз Республикасынын Кансай аймагындагы ардактуу консулу Т.Бунно мырза, ошондой эле Япониянын  театрынын өкүлү Р.Хэйичи мырза менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK