2024-жылдын 22-февралында Элчи Э.Осоев адамдык өнүгүү боюнча кыргыз-япон борборунун тең директору Иваи Ацуму менен жолугушуу өткөрдү.
2024-жылдын 22-февралында Элчи Э.Осоев адамдык өнүгүү боюнча кыргыз-япон борборунун тең директору Иваи Ацуму менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө И.Ацуму Борбордун 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.
Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү 2024-жылга карата пландарды, алардын алкагында: Кыргыз Республикасына туризмди өнүктүрүү жаатындагы иш-чаралар; Кыргыз Республикасындагы студенттерди Японияда окутуу; япон студенттерди Кыргызстандык үй-бүлөлөргө жайгаштыруу боюнча долбоорлорду жана Японияда ишке орноштуруу боюнча семинарларды уюштуруу ж.б. талкуулашты.
Ошентип, Борбордун жардамы менен 2024-жылы Кыргыз Республикасынан 21ге жакын мектеп окуучулары жана студенттери Японияга окууга барышат.
Жолугушуунун соңунда тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.