2024-жылдын 10-апрелинде Элчи Э.Осоевдин Алматы шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасындагы Япониянын экс-Элчиси Тосио Цунозаки менен жолугушуусу болгон.

180

2024-жылдын 10-апрелинде Элчи Э.Осоевдин Алматы шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасындагы Япониянын экс-Элчиси Тосио Цунозаки менен жолугушуусу болгон.

Жолугушуу 2024-жылдын 16-18 майында Кыргыз Республикасында пландаштырылып жаткан маданий иш-чаранын чоо-жайын талкуулоо максатында уюштурулган, анын башталышы 2023-жылы Элчи Э.Осоев менен Т. Цунозаки мырзанын жолугушууларынын жана сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө талкууланды.

Жолугушууга ошондой эле Т.Цунозакинин жубайы – Отсуко Цунозаки, "Ракуго" дастанчысы Санжутей Ракумаро, "Ракуго" аркылуу япон маданиятын жайылтуу Ассоциациясынын Президенти жана сопрано аткаруучу Хираока Такако катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т. Цунозаки 2024-жылдын 16- 18-майында И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде, Бишкек Мамлекеттик Университетинде жана "Акылман" Президенттик лицейинде (Чолпон-Ата ш.) өтө турган Кыргыз Республикасындагы маданий иш-чара (маданий алмашуу жана достук кечеси) жөнүндө маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Япониянын Эдо мезгилинин маданияты жана музыкасы тартууланып, балдар жана элдик ырлар, анын ичинде кыргыз тилинде ырдалып, КР мамлекеттик же расмий тилдерине которулган "ракуго" тартууланат.

Ошондой эле иш-чаранын коноктору япон таттуулары менен сыйланып, салттуу япон оюндарына катышышат.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулат.

Элчи Э.Осоев Т.Цунозаки мырзага жана жолугушуунун конокторуна Кыргызстан менен Япониянын маданий мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы жана бардык деңгээлдеги өлкөлөрдүн жакындашуусуна салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң Элчи Э.Осоев Элчиликтин конокторун кабыл алуу залында кыргыздын улуттук тамактарынан даам татууга чакырды.

Бул жолугушуу Орозо айт майрамы күнү болуп өттү, буга байланыштуу Элчилик тарабынан Японияда жашаган коноктор жана мекендештер менен маданий иш-чараны уюштуруу алдын ала иштелип чыккан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK