Виза маселелери

Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймактарында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгууга  жарактуу паспортунун жана Кыргыз Республикасынын визасынын негизинде уруксат берилет.

Визаны тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

  1. Визалык колдоо номери көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук  департаменти аркылуу таризделген чакыруу;
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Толтурулган визалык анкета (жүктLink to fileөп алуу);
  4. 3,5*4,5 см өлчөмдөгү 2 түстүү сүрөт;
  5. Консулдук жыйым акысын төлөө.

Е-ВИЗА тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын визасын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында, электрондук виза порталын ишке киргизди. Кыска мөөнөттөгү виза алууну каалагандар, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылбастан жөнөкөй эки кадамдын негизинде ала алат: арыз берүү жана онлайн-төлөөнүн негизинде. Электрондук виза, виза үчүн берилген арыздагыдай көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогу виза сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын аймагына чыгуу үчүн ошол эле укуктарды кепилдейт. Бул портал аркылуу электрондук виза алуу көптөгөн артыкчылыктарды берет. Сиздердин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине барууңуздар жана документтерди көрсөтүүңуздөр зарыл эмес. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн интернет/кредиттик/дебеттик карта жана Сиздин документтин сканерден өткөн көчүрмөсү керек. Сиз электрондук визаны алууну Башкы бет бөлүгүнөн текшере аласыз >>> Зарыл маалыматтар >> Өлкөлөр боюнча маалымат жана өлкөнү тандоо. Толугураак маалыматты “Электрондук визанын” www.evisa.e-gov.kg сайтынан алсаңыздар болот.