Кызмат

Жалпы жарандык паспортту алуу жана алмаштыруу

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги аркылуу жалпы жарандык паспортту алуу жана алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин консулдук каттоосунда турушу керек.

Консулдук каттоодо турбаган жарандар паспорт алуу тууралуу арыз менен бирге консулдук каттоого туруу жөнүндө арыз бериши керек.

Консулдук каттоого туруу боюнча толук маалыматты Консулдук каттоо бөлүмүнөн таба аласыз.

Жарандык паспорт алуу жана алмаштыруу үчүн документтердин тизмеси:

1. Арыз (арыздын үлгүсү);

Жашы жете элек балдар (18 жашка чейинкилер) үчүн паспорт алмаштырууда арыз ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү (камкорчулары) тарабынан паспортту көрсөтүү менен берилет.

2. «.jpeg» форматындагы электрондук  түрдөгү түстүү сүрөттү (4*6, ак фондо) флеш-картада же kgembassy.tm@mfa.gov.kg электрондук почтасына алдын ала жөнөтүү.

3. Жалпы паспорт+паспорттун башкы бетинин көчүрмөсү;

Жалпы жарандык паспорт + паспорттун негизги барагынын көчүрмөсү;

(Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор андан ары жок кылуу үчүн Калкты тейлөө борборуна жөнөтүлүп жаткандыгына байланыштуу, зарыл болгон учурда паспорттун керектүү барактарынын көчүрмөсүн алдын ала даярдап, аларды кийин пайдалануу үчүн келген мамлекетте нотариалдык жактан күбөлөндүрүүнү өтүнөбүз).

4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк + көчүрмө;

Чет мамлекеттин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон учурда ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулушу керек.

5. Нике күбөлүгү (эгер никеде болсоңуз) + көчүрмөсү;

Чет мамлекеттин никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүгү болгон учурда ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулушу керек.

6. Ажырашуу жөнүндө күбөлүк (бар болсо) + көчүрмөсү;

Чет мамлекеттин ажырашуу жөнүндө күбөлүгү  болгон  учурда  ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилине которулуп, андан кийин апостиль коюлушу керек.

7. Консулдук жыйымдар төлөнгөндүгүн тастыктоо.

Паспорт алуу жана алмаштыруу үчүн консулдук жыйымдар 30 АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктарынын бөлүмдөрүндө паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик алым өзүнчө төлөнүшү керек болот.

Мамлекеттик алым документтерди тапшыргандан кийин, Элчилик тарабынан төлөөгө тиешелүү код берилгенде төлөнөт.

Кошумча каралган:

16 жашка чыга элек адамдын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылганда - 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз (арызда жарандык укукту алуунун себеби көрсөтүлөт). Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жарандык паспорт берүүгө анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берүү зарыл;

• паспорт жоголгон же уурдалган учурда - ыйгарым укуктуу органдын (ИИМден) тиешелүү маалымкат (тастыктоо);

• паспорт жоголгон учурда, анын натыйжасында арыз берүүчүнүн идентификациясын аныктоо мүмкүн болбогондо, №1 форма боюнча суроо-талапка кошумча арыз жазылат же Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта) берилет.

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүктөрүн тариздөө

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө укук берүүчү убактылуу документ болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп жиберген учурда ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) берилет.

Күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн керектүү мөөнөткө (бирок 30 күндөн ашык эмес) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле өткөрүп берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан чет мамлекеттин соттук же укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилүүчү жактардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүнүн колдонулуу мөөнөтү 90 күндү түзөт.

Күбөлүк берүү маселеси менен кайрылууда арыз берүүчү төмөнкү документтерди берет:

а) белгиленген үлгүдөгү арыз;

б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, арыз берүүчүнүн паспортунун жоголгондугу боюнча кайрылган фактыны тастыктоочу документ (протокол, маалымкат жана ж.б.). Ар кандай жагдайларга байланыштуу документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол жана ж.б.) берүүгө мүмкүн болбогон учурда арыз берүүчү паспортунун жоголгондугунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет;

в) арыз берүүчүнүн инсандыгын идентификациялоого, Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктоого (Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, офицердин (прапорщиктин) инсандыгын ырастоочу күбөлүк, запастагы офицердин аскердик билети, аскерге чакырылуучунун каттоо күбөлүгү, сүрөтү менен кызматтык күбөлүк) мүмкүнчүлүк берүүчү документтер же арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын паспортторунун көчүрмөсүн тиркөө менен алардын белгиленген тартипте консулдук кызматтын адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү арызы.

Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин арыз берүүчү жаңы паспортту тариздөө жана даярдоо, күбөлүктү милдеттүү түрдө тапшыруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө он беш күндүн ичинде кайрылууга милдеттүү.

Күбөлүктү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды алышат.

«Мекен-карт» документине кабыл алуу жөнүндө

2023-жылдын 13-мартынан тартып Түркмөнстандын аймагында жашаган, мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери мекендеш статусун алуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Мекен-карт - бул чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун тастыктаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналат.

Бул статус Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө кирүү, чыгуу, транзиттик жүрүү үчүн багытталган.

«Мекен картасына» тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Элчиликте таризделет);

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Түркмөнстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (автоматташтырылган маалымат системасында жок болгон учурда талап кылынат).

2) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Элчиликте таризделет); 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Түркмөнстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

-  консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-  туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:  

-өтүнүч (Элчиликте таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Түркмөнстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-туугандык мамилелерди ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтар өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер);

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (атасы же апасы, чоң атасы же чоң энеси) жана анын көчүрмөсү.

4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

-өтүнүч (Элчиликте таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Түркмөнстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

-Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Консулдук кызматтын баасы  40 АКШ долларын түзөт жана Түркмөнстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча мамлекеттик банкындагы Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин эсебине акча каражаттарын төгүү аркылуу АКШ доллары менен төлөнөт.

Мамлекеттик алым 10 618 сомду түзөт, Кыргызстанда РСК, Айыл Банк же Кыргыз почтасына төлөнөт.

Кошумча суроолор боюнча Элчликке төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот: + 993-12-482296.

 Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн милдеттүү талап – Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу катоонун болушу.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  1. айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү аяктаганда;
  2. айдоочулук күбөлүктө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
  3. айдоочулук күбөлүк эскиргендиктен же бузулгандыктан пайдаланууга жарамсыз болуп калса;
  4. айдоочулук күбөлүктү жоготкондо.

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Кабыл алуучу өлкөнүн медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш  болгон медициналык текшерүүдөн  өткөндүгүн  ырастоочу  документ (наркологиялык  экспертиза, психикалык  ден  соолукту  аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн жоготкон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (идентификациялык картасы же жалпы жарандык паспорту);
  2. Кабыл алуучу өлкөнүн медициналык мекемеси тарабынан берилген, алган датасы 12 айдан ашпоого тийиш  болгон медициналык текшерүүдөн  өткөндүгүн  ырастоочу документ (наркологиялык  экспертиза, психикалык  ден  соолукту  аныктоо, көздү текшерүү) (форма 003-В/У);
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттары нын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).  

Арыз ээсинин жеке маалыматтарын (фамилиясын/атын/атасынын атын) өзгөртүүдө аты-жөнүн өзгөртүү же нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 2192018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 3262022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 1332023-жылдын 10-октябрындагы № 541  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

41. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер консулдук мекемеден тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн:

- арыз ээсинин демилгеси боюнча, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары 100 пайызга көбөйөт. Арыз берүүчү консулдук иш-аракеттерди жасоочу жерге барууга байланышкан чыгымдарды да төлөйт;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу ставкалар 200 пайызга көбөйөт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (сом)

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

1

Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

 

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

3589

50

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

352

5

 

4) көп жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

4315

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

1078

15

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

704

10

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

 

- беш суткага чейин

1783

25

 

8) чыгуу визасын тариздөө:

 

 

 

- 3 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

8 800

100

 

- 3 айдан 6 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

13 200

150

 

- 6 айдан 1 жылга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн;

17 600

200

 

- 1 жылдан ашык жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн

22 000

250

 

9) ар бир кишиге визалык колдоону тариздөө

352

5

3

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

 

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу:

 

 

 

1) жеке жактардан – Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

 

2) жеке жактардан – чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

 

3) юридикалык жактардан

7189

100

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан

1431

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

 

510

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

 

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

 

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

 

50

8

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

 

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

 

50

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

 

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

 

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

 

10

10

Ишеним кат берүү:

 

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

 

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

 

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

 

10

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

 

20

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

 

25

13

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү

 

40