Виза маселелери

Кыргыз Республикасынын электрондук визасы

Е-виза бул Кыргыз Республикасына кирүү үчүн уруксат алуунун эң жөнөкөй ыкмасы. Бул үчүн онлайн билдирмени толтуруп, кредиттик/дебеттик карт аркылуу төлөө гана зарыл. Ушул портал аркылуу тастыктоону алгандан кийин электрондук визанын колдонуудагы мөөнөтү ичинде Сиз Кыргыз Республикасына кире аласыз.


КР Өкмөтүнүн 7-февраль 2009-жылдагы токтому №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө"


КР мыйзамы 21-июль 2012-жыл, №121 "айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө"


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому (Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ)


 Виза түрлөрү боюнча маалымат

Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.
Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:

  • чет өлкөлөрдүн башчыларына жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - көп жолку 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык
  • чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктар менен колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана 18 жашка чейинки балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин көп жолку виза берилет
  • чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки жолку же көп жолку виза берилет, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык.

Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет. Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки же көп жолку виза берилет
  • чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналдын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана 18 жашка чейинки балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкача каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык бир жылга чейинки мөөнөткө көп жолку виза берилет
  • дипломаттык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки жолку же көп жолку виза берилет.

Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына жана багуудагы ата-энесине) мөөнөтү 3 жылга чейинки көп жолку виза берилет.

Эмгек визасы ("W1" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине берилет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 90 күндүк мөөнөт ичинде жүрүүгө берилет.
Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан жыл сайын узартуу укугу менен эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө көп жолку эмгек визасы ("W1" тиби) берилет.

Эмгек визасы ("W2" тиби) 90 күнгө чейинки мөөнөткө эмгектенүүгө уруксат албай, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине берилет.
Эмгек визасы ("W2" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында миграция жана аккредитациялоо (журналисттер жана корреспонденттер үчүн) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын негизинде ТИМдин өкүлчүлүгү жана Консулдук кызмат тарабынан 1 жылдык мөөнөткө чейин узартылат.

Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында окуган учурда 1 жылдык мөөнөткө, же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган Кыргыз Республикасынын алгачкы аталган окуу жайында окуу курсунан өтүү мөөнөтүнө узартылууга тийиш.

Ишкердик виза ("В" тиби) Кыргыз Республикасына ишкердик максатта, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар уюштурган сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген арыз ээсине 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык ташуу иштерин жүргүзүү үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга берилет.
Айдоочулук виза, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин берилет.

Туристтик виза ("TS" тиби) Кыргыз Республикасына туризм максатында келүүчү арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Диний виза ("R" тиби) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо, диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерлерге 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык визасынын ("О" тиби), эмгек визасынын ("W1" жана "W1" типтери), окуу визасынын ("S" тиби) ээси болгон, ошондой эле жашап турууга уруксаттын негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына, багуудагы ата-энесине), 1 жылга чейинки мөөнөткө жыл сайын узартууга мүмкүндүгү менен жана эмгектенүү укугусуз берилет.

Мейман виза ("G" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик аракет кылууга, ошондой эле киреше табууга байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө укук берилбей, Кыргыз Республикасына жеке мүнөздөгү ар кандай максат менен келе турган арыз ээсине, бир туугандарына жана досторуна жолугуу, медициналык кызматтарды алуу максатында 60 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

Туугандар виза ("RL" тиби) жакын туугандарын көрүүгө, үй-бүлөсү менен кошулуу максатында, убактылуу же туруктуу жашап туруу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине 1 жылдык мөөнөткө чейин берилет.

Мекен виза ("М" тиби) Кыргыз Республикасына келип кетүүсү же кайтып келүүсү үчүн этникалык кыргыздарга жана Кыргыз ССРнин аймагында төрөлгөн жактарга 1 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Мекен виза Кыргыз Республикасынын аймагында узартылбайт жана кийин "кайрылман" статусун алуу үчүн берилет.

Транзиттик виза ("TR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө сапар тарткан арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейин берилет.