Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин 2022-жылдын 30-сентябрындагы пресс-релизи “Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын илимий коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо”

1783

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Улуу Британиядагы Кембридж университетинин ортосундагы кызматташтыкты орнотуунун алкагында, 2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси У. Джусупов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулова жана юридика илимдеринин доктору, Дипломатиялык академиясынын проректору З.Курманов Кембридж Форумунун Борбордук боюнча жетекчиси, профессор Сиддхарт Саксена менен жолугушту.

Тараптар биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү, иш-чараларды жана эл аралык билим берүү долбоорлорду ишке ашырууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Биргелешкен лекцияларды жана семинарларды өткөрүү боюнча жана ошондой эле Дипломатиялык академиянын илимий жана билим берүү потенциалын өнүктүрүү, биргелешкен программаларды ишке ашырууга катышуу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди.

Ошондой эле аталган иш сапардын алкагында Кембридж Университетинин Борбордук Азия боюнча профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушуу болуп, региондо болуп жаткан процесстер, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан маанилүү реформалар боюнча терең пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK