Кембридж университетинде өткөрүлгөн Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоо

168

2023-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчиликтеринин колдоосу менен Борбор Азия форуму тарабынан Кембридж университетинде уюштурулган Эл аралык Нооруз күнүн майрамдоого катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземинде КРнын Улуу Британиядагы элчиси У.Джусупов аземдин катышуучуларын миң жылдык тарыхы, терең мааниси бар Нооруз майрамы менен куттуктады. Ошону менен бул майрамды ар дайым элибиз бирге жана келечекке болгон жакшы ишеним менен тосоорун белгиледи.

Кембридж университетинин байыркы имараттарынын а биринде өткөрүлгөн маданий программага 200дөн ашык адам катышты. Майрамдык маданий иш-чараларда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Пакистандын диаспора уюмдарынын фольклордук-музыкалык топтору, ошондой эле Кембридж университетинин чыгармачыл жамааты Улуу Британиянын коомчулугуна өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерттик программада кыргыздын улуттук “Бий мерген”, “Ибарат” бийлери, ошондой эле “Алымкан”, “Кызыл-гүл” ырлары комуз менен аткарылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK