МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: Британиянын“Concrete Canvas” компаниясынын заводу жакын арада Кыргызстанда курулуп баштайт

98

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри лорд Дэвид Кэмерондун катышуусунда курулуш материалдарын чыгарган Британиянын “Concrete Canvas” компаниясынын продукциясы көрсөтүлдү. 

Алгач айта кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кардифф шаарында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен болчу. 

Ага байланыштуу, бүгүн Чүй облусунда “Concrete Canvas” компаниясынын өкүлдөрү өздөрүнүн продукциясын пилоттук долбоор катары көрсөтүп беришти. 

Белгилей кетсек, компания жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарат. Тагыраагы чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору. 

“Кыргызстан боюнча 30 миң чакырымга жакын узундуктагы канал болсо, анын 11 миң чакырым каналдын алдына бетон төшөлгөн. Эгерде бул материалдар каналдардын алдына төшөлсө, суунун жоготуусун алдын алабыз. Кыргызстан агрардык мамлекет, айдоо жерлери көп, ошол себептүү биздин өлкөгө бул материалдар абдан керектүү. Компаниянын заводун жакын арада Ош облусунда куруп баштоо пландалууда. Инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алат”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.  

“Concrete Canvas” компаниясынын Кыргызстанда ачыла турган заводунун продукциялары ички рынокту гана камтыбастан, Россия Федерациясы, Өзбекстан Республикасы сыяктуу жакынкы мамлекеттерге экспорт болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK