Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчиси У.К.Джусупов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия боюнча Мамлекеттик министри Нусрат Гани айым менен жолугушту

102

2024-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчиси У.К.Джусупов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия боюнча Мамлекеттик министри Нусрат Гани айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибин жана экономикалык кызматташтыктын кеңири спектрин активдештирүүнү канааттануу менен белгилешти.

Акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташтык бир кыйла кеңейши жана ар тарапты камтылганы, өз ара аракеттенүүнүн түрдүү чөйрөлөрүндө жакшы натыйжаларга жетишкендиктер, ишеним жана өз ара түшүнүшүү бекемделгени белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиевдин Улуу Британияга расмий болуп өткөн иш сапары жана жогорку деңгээлиндеги байланыштардын түзүлүшүнүн, ошондой эле келечекте пландашылган эки тараптуу иш-чараларынын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ошону менен бирге тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө басым жасоо менен бирге эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул контекстте Элчи У.Джусупов британия тарабына Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү реформалар жана акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, кыргыз тараптан, ушул жылдын июнь айында Бишкек шаарында өткөрүлө турган. “Майнекс Борбордук Азия” Тоо-кең өнөр жайы боюнча эл аралык конференциясына кыргыз тарабынын расмий чакыруусун тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK