Улуу Британия жана Түндүк Ирландиян Бириккен Королдугундагы Элчилигинин жана Кыргызстандын студенттик активисттеринин демилгеси менен уюштурулган “Жаш Журөктөр – Бирге Келечек – Улуу Британиядагы Кыргыз Студенттик Ассоциациясынын” ачылыш аземи жана биринчи жыйыны болуп өттү

99

2024-жылдын 12-апрелинде Улуу Британия жана Түндүк Ирландиян Бириккен Королдугундагы Элчилигинин жана Кыргызстандын студенттик активисттеринин демилгеси менен уюштурулган “Жаш Журөктөр – Бирге Келечек – Улуу Британиядагы Кыргыз Студенттик Ассоциациясынын” ачылыш аземи жана биринчи жыйыны болуп өттү.

Өз кезегинде, Элчи У.К.Джусупов студенттер алдында сүйлөгөн сөзүндө, чет өлкөлөрдө өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын татыктуу көрсөтүүгө жөндөмдүү активдүү жана ийгиликтүү жаштар коомун калыптандырууну эске алып, Улуу Британиядагы кыргыз жаштарынын жашоосундагы бул иш-чаранын маанисин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Ассоциациянын уюштуруу комитети бекитилип, жакынкы келечектеги пландар жана долбоорлор, тактап айтканда, учурда Кыргыз Республикасынан келген студенттер үчүн колдонмо чыгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, студенттер үчүн онлайн форматында кыргыз тили сабактарын өткөрүү  жана Кыргызстанды Улуу Британиядагы студенттик айнтчаларында активдүү түрдө тааныштыруу.

Иш-чара жаштардын кызыгуусун жаратып, профессионалдык жана жеке байланыштарды өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында тажрыйба алмашууну демилгеледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK