«Кембридж Университетинин студенттери Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргыздын улуу жазуучусунун 90 жылдык маарекесине карата окуп беришти»

7326

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Кембридж шаарындагы Кембридж Университетинин Борбордук Азия Форуму жана Өнүгүүнү изилдөө Борбору менен бирдикте «Айтматовду окуу»  иш-чарасын уюуштуруп өткөрүштү. Аталган иш-чарада Кембридж Университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери келип катышышты.

Кембридж Университетиндеги «Айтматовду окуу» иш-чарсынын программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова чыгып сүйлөп, катышуучуларга Ч.Айтматовдун өмүр-баяны жана анын чыгармачылык жолу жөнүндө, жазуучубузга арналып өткөрүлүп аткан иш-чаралар боюнча жана, жалпы эле, Кыргызстан тууралуу айтып берди. Cөзүнүн алкагында КРнын Элчиси Г.Искакова британдык Парламентинин мүчөлөрү жана Лондондун мэри Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрүн окуп берген видеолорун катышуучуларга көрсөттү.

Иш-чарада өзүнүн куттуктоо сөзү менен Кембридж Университетинин Борбордук Азия Форумунун директору д-р Саксена чыгып сүйлөдү, ал эми  университеттин илимий кызматкери Пражакти Калра айым «Чыңгыз Айтматов жана анын «Жамиля» китеби» темасын талдап, бул сөзүн видео-презентация түрүндө катышуучуларга тартуулады.

Өзгөчө бир энтузиазм менен дүйнөнүн ар кандай булуң-бурчунан келип окуп аткан Кембридж Университетинин студенттери «Айтматовду окуу» иш-чарасына катышып, Ч.Т.Айтматовдун «Жамиля» аттуу чыгармасынан үзүндүлөрдү англис, кыргыз, кытай, немис, орус, португал, словак жана француз тилдеринде окуп беришти.

Андан кийин болуп өткөн өз-ара пикир алмашуу учурунда, иш-чаранын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана чыгармачылыгы менен алгачкы ирет таанышкандагы эскерүүлөрү, аларга калтырган таасири жөнүндө бөлүшүп, талкуулашты. Кембридж Университетинин кээ бир, Кытайдан жана Узбекистандан, келип окуп аткан студенттери Айтматовду өз жазуучусу катары эсептөөрүн, ал жалаң эле кыргыздын эмес, глобалдык жазуучуу экендигин белгилеп кетишти. Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн жылуу жана жүрөктөн чыккан сөздөр айтылды.

«Айтматовду окуунун» алкагында Кембридж илимий басмаканасы иш-чаранын катышуучуларына британдык, кыргыз жана башка окумуштууларынын илимий макалаларынын негизинде түзүлгөн «Making the Kyrgyz» («Кыргыздардын түптөлүп-өнүгүшү») аттуу чыгармалар жыйнагынын бетачаарын тартуулашты. Белгилеп кетчү нерсе, бул жыйнак 2016-жылдын 21-октябрында Кембридж университетитенде болгон «Rhythms of the Past and Tunes for the Future: The Kyrgyz Epic» («Өткөн мезгилдин саптары жана келечектин күүлөрү: Кыргыздын тарыхы») илимий симпозиумунун жыйынтыгынын негизинде даярдалып, басылып чыгарылды.

Маалымат үчүн: «Making the Kyrgyz» жыйнагынын алгачкы бетачаары 2018-ж. 14-августунда Бишкек шаарында Кембридж Университетинин Борбордук Азия Форуму жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги тарабынан уюуштурулуп, өткөрулгөн.

Кембридждеги иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик жана жаратылышынын кооз жерлерин чагылдырган видео-фильмдер көрсөтүлүп, басма-сөз маалыматтары да таркатылды. 

Өткөн «Айтматовду окуу» иш-чарасына жалаң эле профессордук-окутуучулук курамынан гана эмес, көбүнчөсү Кембридж Университетинин студенттери тарабынан аябай колдоо көрсөтүлдү, анткени алар белгилүү жазуучубустун чыгармаларынын үзүндүлөрүн ар кандай тилдерде өзүлөрү окуп бергенге абдан кызыкдар болушкан

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK