«Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова Лондондо болуп өткөн Евразиядагы тоо-кен өнөр жайы жана инвестициянын келечеги боюнча 7-чи «MINEX Eurasia 2018» Форумунда чыгып сүйлөдү»

7601

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова Лондон шаарында 2018-жылдын 23-ноябрында болуп өткөн Евразиядагы тоо-кен өнөр жайы жана инвестициянын келечеги боюнча 7-чи «MINEX Eurasia 2018» Форумуна катышып, ал иш-чарада чыгып сүйлөдү.

Форумга катышуунун алкагында КРнын Элчиси Г.Искакова “Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайы: жер казынасын пайдалануу мыйзамдары, тоо-кен өнөр жай жаатындагы инвестициянын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги” темасындагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүн аталган форумдун Борбордук Азиядагы тоо-кен өнөр жайына арналган бөлүгүндө тартуулап, Кыргызстандагы тоо-кен өнөр жайы тармагынынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

КРнын Элчиси өзүнүн сөзүндө Кыргызстандагы ачык жана келечектүү кен чыккан табигый минералдык ресурстарын сүрөттөп, КРнын Өкмөтүнүн тоо-кен тармагында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү аракеттери тууралуу, жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби, кен казып алуучу ишканаларга карата салык салуунун ыңгайлуу шарттары жана жалпы инвестициялык абал жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, форумдун катышуучулары Кыргызстандагы жер казынасын пайдалануу боюнча өткөрүлүп аткан реформалар жана лицензияны ачык-айкын алуу жол-жобосу жөнүндө, ошондой эле алдыда боло турган конкурстар жана аукциондор менен таанышышты.

Ошону менен бирге, Элчи Г. Искакова форумдун катышуучуларынын көңүлүн, баарынан мурда, ачык саясий системасы менен КМШ мейкиндигинде жана Борбордук Азия аймагында парламенттик башкаруу формасындагы жалгыз өлкө экендигине, Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн ортосунда географиялык жактан маанилүү стратегиялык жайгашуусуна, ошондой эле, ар тармактарды, анын ичинде, гидроэнергетика жана тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү боюнча ири потенциалга ээ болушуна бурду.

Форумдун катышуучулары арасында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана экономикасынын ар кандай тармактары тууралуу маалыматтар таркатылды.

«MINEX Eurasia Forum-2018» форуму «Advantix Ltd.» британиялык компаниясы тарабынан Улуу Британиянын Эл аралык соода Министрлиги (DIT) менен өнөктөштүктө уюштурулду. Форум, Евразиядагы, өзгөчө Монголияда, Казакстанда, Россияда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө кен казып алуу өнөр жайы жана инвестиция чөйрөсүндө ишкердик өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн платформа түзүп берди.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 31 октябрынан – 1 ноябрына чейин Бишкек шаарында «Аймактарды инвестициялар аркылуу өнүктүрүү» деген ураан менен Биринчи «МАЙНЕКС Кыргызстан 2018» тоо-кен-геологиялык форуму «Advantix Ltd.» британиялык компаниясы, ТОО «Горный форум» тарабынан уюуштурулуп, Кыргыз Тоо-Кен Ассоциациясы, ОсОО «Аджи-Сервис» менен өнөктөштүктө жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамкомитетинин колдоосу менен өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK