Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылда орнотулган. 1997-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Лондондо ачылат.

Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп Э.Байсалов 2019-жылдан 31-июлунда дайындалган.

Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги 2011-жылы ачылып, 2019-жылдын июнь айынан тартып Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт болуп саналат.

Саясий кызматташтык.

Кыргыз-британдык кызматташтыгы саясий чөйрөдө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар, өзгөчө парламенттер аралык өз ара аракеттеншүүнү өнүктүрүү багытында.

Иш-сапарлардын кыскача хронологиясы:

2012-ж.16-19-майы - Европалык Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкынын (ЕРӨБ) Башкаруучулар Кеңешинин жыл сайын өтүүчү жыйынына катышуу алкагындагы КРнын Вице-премьер-министри Ж.Оторбаевдин Лондонго иш сапары.

2012-ж. 26-28 июлу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов Лондондо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуу алкагындагы иш сапары.

2013-ж. 13-июну Бишкектеги Улуу Британиянын Элчилигинин расмий ачылышы алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары баронесса С.Варсинин КРна иш сапары.

2013-ж. 6 август - 13 сентябры - USAID/DFID программасынын колдоосу менен КРнын ЖКнин Тышкы иштер боюнча Комитетинин төрагасы К.Иманалиев жетектеген делегациясынын Улуу Британияга иш сапары.

2014-ж. 22-26-марты - Улуу Британиянын Парламентинин мүчөлөрү Дж.Манн жана Э.Розинделдин (УБнын жана КРсынын парламенттик достук тобу) КРсына иш сапары.

2014-ж. 9-10-октябры - Улуу Британиянын Мамлекеттик юстиция министри лорд Э.Фолкстун КРсына иш сапары.

2015-ж. 27-29-октябры – Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Департаменитини директору С.Свинфорддун КРсына иш сапары.

2016-ж. 17-20-февралы – Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министри (DFID) Д.Свейндин КРсына иш сапары.

2016-ж. 17-22-марты – Улуу Британиянын Парламентинин Лорддор Палатсынын көз карандысыз мүчөсү баронесса В.Стерн жана Лондон университетинин  профессору, кылмыш-жаза маселелери боюнча эл аралык эксперт И.Койлдун КРсына иш сапары.

2016-ж. 21-25-марты жана 8-14-апрели – Улуу Британияга Жогорку Кеңештин торагасынын орун басары, КРсынын жана УБнын кыргыз тарабындагы парламенттик достук тобунун башчысы жана ушул топут мучолорунон турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын делегациясынын «Вестминистрлик демократия үчүн фонду» тарабынан уюштурулган иш сапары.

2016-ж. 19-23-июлу - Европалык Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкынын (ЕРӨБ) фондусун өлкө-катышуучуларынын жана донорлорунун Ассамблеясына катышуу үчүн КРнын ЖКнин Тышкы эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасы А.Баатырбеков, КРсынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов жана КРсынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн Улуу Британияга иш сапары.

2016-жылдын июлу - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабынын эки өкүлү «Талаа бүркүтү – 2016» тынчтык командалык-штабдык машыгууга катышышты (СТАНТА, Сетфорд).

2016-ж. 18-19-августу - Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Департаментинин директору Майкл Тэтэмдин КРсына иш сапары.

2016-ж. сентябры - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер И.Абдылдаев жана Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Б.Джонсондун Потсдам шаарында ЕККУнун министрлеринин бейрасмий жыйынынын алкагында жолугушуусу болгон.

2017-ж. 6-13-марты – КРсынын Өкмөтүнөн Аппаратынын жетекчиси A.Осмоналиев баштаган КРнын Өкмөт Аппаратындагы бөлүм башчылары жана эксперттери, ошондой эле КРсынын экономика министрлигинин өкөлдөр курамындагы делегациясынын Лондонго иш сапары.

2017-ж. 19-26-марты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын орун басары M.Мукамбетов менен КРнын Өкмөт Аппаратындагы ар кандай бөлүмдөрүнүн адистеринин Лондонго иш сапары.

2018-ж. 5-9 февралы -  КРнын Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары М.Мукамбетов баш болгон КРнын Өкмөт Аппаратынын  өкөлдөрү Лондондо иш сапары менен болушуп, УБнын Эл аралык өнүгүү министерствосунун кыргыз өкмөтүнүн потенциалын чыңдоо программасынын алкагында британдык өкмөтүнүн, парламентинин түзүлүшү жана ишмердүүлүгү, ошондой эле жалпы УБдагы мамлекеттик кызмат системасы тууралуу маалымат жана тажрыйба алышты.

2018-ж. 4-9-марты - Британиялык «Вестминстердик демократия үчүн фондусу (WFD) аркылуу КРнын ЖКнин депутаттар тобунун Лондонго иш сапары.

2018-ж. 22-27-июлу - КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Исакунова Улуу Британияда иш сапары менен болуп, Лондондогу Майыптар боюнча Биринчи Глобалдык саммитке катышты.

2018-ж. 26-июлуна 1-августка чейин - Лондондо Эл аралык түрмө реформасы уюмунун (Penal Reform International) Регионалдык өкүлчүлүгүнүн Борбордук Азиядагы түрмөлөр реформасы боюнча долбоорунун алкагында КРнын ИИМнин орун басары, генерал-майор К.Асанов жана КРнын ЖКнин депутаты, КРнын ЖКнин экономика жана фискалдык комитетинин мүчөсү Э.Сурабалдиева, жана КРнын ИИМнин, жарандык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапары болуп өттү.