Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 4-февралындагы билдирүүсү

5328

2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Марипов башында турган жаңы Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) Өкмөттүн ишмердик программасын, түзүмүн жана курамын бекитти.

2021-жылдын 10-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун, ошондой эле 28-январдагы С.Н.Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна расмий киришүүсүнүн жыйынтыгына кошумча жаңы Өкмөттү түзүү өткөн жылдын октябрь айында орун алган окуялардан кийин өлкөдө бийлик өткөрүп берүүдөгү кезектеги маанилүү этап болуп калды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коомдук консенсусту жана стабилдүүлүктү бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү жана инклюзивдик өсүүнү камсыздоо, эл аралык коомчулук менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн жаңы жетекчилиги тарабынан белгиленген кардиналдык реформаларды, анын ичинде коррупция жана криминалитетке каршы чечкиндүү күрөшүү жана мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жаатындагы максаттарды ишке ашыруу боюнча ишти улантуу үчүн маанилүү укуктук жана административдик негиздер түзүлдү.

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоонун жана референдумдун ачык-айкын, адилеттүү өтүүсү Кыргыз Республикасында бийликтин жалгыз булагы болуп Кыргызстандын көп улуттуу эли гана санала тургандыгын далилдеди. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги тарабынан пландаштырылып жаткан радикалдуу реформалардын башкы максаты – бул тез арада социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүү, өлкөнүн коопсуздугун  жана Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын бакубат жашоосун камсыздоо болуп эсептелет.

2005, 2010 жана 2020-жылдары болгон окуялар бир дагы бийлик элдин ишенимине жана колдоосуна ээ болбосо, реформаны ишке ашыруу жана натыйжалуу иш алып баруу мүмкүн эместигин даана көрсөттү. Ошондой эле Кыргызстандын эли бул окуялардын негизинде биздин өлкөбүз демократия жолунан тайбай, өз өнүгүүсүн укук үстөмдүгү принциптерине ылайык уланта тургандыгын дагы бир жолу тастыктады.

2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүндө билдирилген элдин эркине ылайык жакын арада жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум, ошондой эле жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү күнү аныкталат.

Кыргыз Республикасы өлкөнү өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн, экономикалык кризистин, COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөткөн жана көрсөтүлүп жаткан колдоолору, гуманитардык жана техникалык жардамдары үчүн бардык союздаш-мамлекеттерге жана эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин карманып, мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толук аткара тургандыгын дагы бир жолу белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK