Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Лондондогу Университеттик колледжиндеги эл аралык “Нооруз” майрамына арналган иш-чарага катышты

2056

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин

2022-жылдын 22-мартындагы пресс-релизи

 

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Лондондогу Университеттик колледжиндеги эл аралык “Нооруз” майрамына арналган иш-чарага катышты

 

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги эл аралык Нооруз күнүнө арналган, Лондондогу Университеттик колледжинде (UCL) болуп өткөн «Борбордук Азиянын жаз майрамы – 2022» деп аталган иш-чарага 2022-жылдын 20-мартында катышты.

Жаз майрамынын демилгечилери жана уюштуруучулары Лондондо окуп, билим алып жаткан Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын,  Туркменистан, Өзбекстандынжана башка өлкөлөрдүн студенттик коомчулуктарынын өкүлдөрү болушту.

Аталган иш-чарада кыргыз элинин улуттук маданиятын жана каада-салтын чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн жасалгалары тартууланып, ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана кооз жерлери тууралуу маалымат материалдары таркатылды.

Маданий программасы менен сунушталган элдик, анын ичинде Кыргызстандын да, бийлери жана ырлары жаз майрамынын катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну туудурду. Майрамдын сахнасында белгилүү, анын ичинде Атай Огонбаевдин «Маш ботой», Шайлообек Дүйшеевдин «Биймерген», Курмангазы Азыкбаевдин «Түшүмдө» жана «Көчмөндөр» аттуу бий-күүлөрү тартууланып, булл чыгармалар биздин таланттуу мекендештерибиз – Айзада Бектенова, Мээрим Бектенова, Бугубаев Нурек жана башка аткаруучулар менен коштолду.

Лондондогу университеттик колледжинде (UCL) Ноорузга арналган жаз майрамы эки миңден ашык студент жана Лондондогу жергиликтүү жашоочуларды, ошондой эле Борбордук Азиянын диаспораларынын өкүлдөрүн кабыл алды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK