Кызмат

Өзбекстан Республикасынын аймагында жүргөн жарандарга сапаттуу консулдук кызмат көрсөтүү максатында жана алардын ыңгайлуулугу үчүн, жарандар консулдук кызматтарды алуусу үчүн төмөнкү шилтем аркылуу алдын ала катталуу кызматын менен колдонсо болот:

Кабыл алууга жазылуу

* ар бир талапкер үчүн өзүнчө жазуу болушу керек

Чет өлкөдөгү мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу анкета-арыз;

- кагазда толтурулган анкета-арызды тариздөө үчүн бетинин сүрөттөлүшү даана чыгарылган, ак фондогу, жалтырак кагаздагы, өлчөмү 4x6 см болгон 2 түстүү фотосүрөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:

1) 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:

- 16 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана колу коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат).

Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, апостиль коюлган же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул жол-жобо Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен каралса;

2) 16 жашка чыккан адам кайрылганда:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

3) жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу, колдонуу мөөнөтү аяктаганда:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк, никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк, аялынын (күйөөсүнүн) өлгөнү тууралуу күбөлүк;

в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:

- бузулган, алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет;

4) арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:

- жалпы жарандык паспорт;

5) жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө укук берүүчү убактылуу документ болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготуп жиберген учурда ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) берилет.

Күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн керектүү мөөнөткө (бирок 30 күндөн ашык эмес) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле өткөрүп берүүгө, экстрадициялоого же реадмиссияга жаткан чет мамлекеттин соттук же укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилүүчү жактардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүнүн колдонулуу мөөнөтү 90 күндү түзөт.

Күбөлүк берүү маселеси менен кайрылууда арыз берүүчү төмөнкү документтерди берет:

а) белгиленген үлгүдөгү арыз;

б) келген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген, арыз берүүчүнүн паспортунун жоголгондугу боюнча кайрылган фактыны тастыктоочу документ (протокол, маалымкат жана ж.б.). Ар кандай жагдайларга байланыштуу документти (маалымкат, талон-билдирүү, протокол жана ж.б.) берүүгө мүмкүн болбогон учурда арыз берүүчү паспортунун жоголгондугунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет;

в) арыз берүүчүнүн инсандыгын идентификациялоого, Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктоого (Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, офицердин (прапорщиктин) инсандыгын ырастоочу күбөлүк, запастагы офицердин аскердик билети, аскерге чакырылуучунун каттоо күбөлүгү, сүрөтү менен кызматтык күбөлүк) мүмкүнчүлүк берүүчү документтер же арыз берүүчүнүн инсандыгын ырастоочу Кыргыз Республикасынын экиден кем эмес жаранынын паспортторунун көчүрмөсүн тиркөө менен алардын белгиленген тартипте консулдук кызматтын адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү арызы.

Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин арыз берүүчү жаңы паспортту тариздөө жана даярдоо, күбөлүктү милдеттүү түрдө тапшыруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө он беш күндүн ичинде кайрылууга милдеттүү.

Күбөлүктү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды алышат.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.

4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.

4-1. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.

5. Консулдук иш-аракеттер зарыл болгондо жана арыз ээсинин өтүнүчү боюнча консулдук мекемеден сырткары аткарылышы мүмкүн, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары жогорулатылат, бирок эки эседен ашык эмес. Арыз ээси консулдук иш-аракеттерди аткаруунун жерине барууга байланышкан чыгымдарды төлөйт.

6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.

7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.)

1

Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

- анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

1) бир жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

50

 

2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

10

 

3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

5

 

4) көп жолку визаны тариздөө:

- 1 айга чейинки мөөнөткө

60

 

5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

15

 

6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин)

10

 

7) транзиттик визаны тариздөө:

 

 

- беш суткага чейин

25

3

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК)

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу:

 

 

1) жеке жактардан - Кыргыз Республикасынын жарандарынан

5

 

2) жеке жактардан - чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан

50

 

3) юридикалык жактардан

100

 

4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө

510

6

Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо):

 

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;

10

 

2) чет өлкөлүк жарандар үчүн;

50

8

Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо:

 

 

1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү

10

 

2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка)

50

 

3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө

10

 

4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер

10

10

Ишеним кат берүү:

 

 

1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна

10

 

2) кредиттик операцияларды аткарууга

10

 

3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга

10

11

Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу

20