Пайдалуу маалымат

Расмий аталышы, аймагы, калкы: Өзбекстан Республикасы, аймагы-447400 км², калкы 34558,9 миң адам.

Борбору, ири шаарлары: Борбору Ташкент шаары. Ири шаарлары: Анжиян, Бухара, Жиззак, Карши, Навои, Наманган, Самарканд, Фергана, Хива, Ургенч.

Климаты: Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы түштүктө +4 градустан түндүктө -10 градуска чейин, июлда түштүктө +27 градустан +37 градуска чейин.

Расмий тили: Мамлекеттик тили – өзбек тили. Орус тили улуттар аралык катнаштын тили.

Майрам жана жумуш эмес күндөрү:

Майрамдар:

1-январь - Жаңы жыл,

8-март - Аялдардын эл аралык күнү,

21-март - Нооруз,

9-май - Эскерүү жана урматтоо күнү,

30-июнь - Жаштар күнү,

1-сентябрь - Эгемендүүлүк күнү,

1-октябрь - Мугалимдер жана насаатчылар күнү,

8-декабрь - Конституция күнү.

Диний майрамдар:

Руза хайит (Орозо айт) жана Курбан хайыт (Ид аль-Адха) ай календары боюнча аныкталат.

Дем алыш күндөрү: ишемби жана жекшемби.

Валюта - Улуттук валюта: Улуттук валюта - сом. Орточо курс: 1$=10 545 УЗ

Убактысы: Кыргызстандын убактысынан минус 1 саат

Кыргыз Республикасы менен транспорттук байланыш: Бишкек-Ташкент аба каттамы, Күнүмдүк автобус каттамдары.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНА КИРҮҮ ЖАНА ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

АЙМАГЫНДА БОЛУУ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ

Кирүү жалпы эрежелери

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактарына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу тартиби 2006-жылдын 3-октябрында Ташкентте ш. кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ”Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө” макулдашуу менен жөнгө салынат (2007-жылдын 12-февралында күчүнө кирген).

Аталган келишимдин нормаларына ылайык, жарактуу жол жүрүү документтеринин ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстандын аймагына 60 күнгө чейин визасыз кире, чыга алат, транзит менен жана убактылуу жүрө алат. 60 күндөн ашык болгон учурда Өзбекстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык визаларды тариздештирүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын аймагында 3 (үч) күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Үч күндөн ашык болгон учурда, майрам жана дем алыш күндөрү (жекшемби) эсептен чыгарылса, анда жашаган жери боюнча (мейманканада же паспорт столунда) убактылуу каттоого туруу зарыл. Ишемби — иш күнү. Үч күндүк мөөнөт келген күндөн кийинки күнү саат 01:00дөн баштап эсептелет.

Жүрүү мөөнөтү Өзбекстан Республикасынын чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын башкы паспортундагы мөөрү менен ырасталган кирген күндөн тартып эсептелет.

Каттоо Өзбекстандан чыккан күнүнө жарактуу болушу керек. Эгерде каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, администрациялык укук бузуу үчүн 5 базалык эсептик бирдиктен (БКВ) кем эмес өлчөмдө айып салынат. 2022-жылдын 6-мартына карата 1 эсептик бирдик = 300 миң өзбек сумун (болжол менен 30 АКШ доллары) түзөт.

Чет өлкөлүк жарандардын Өзбекстанда жүрүү тартиби Өзбекстан Республикасынын 06.04.2021-жылдагы № ЗРУ-692 «Өзбекстан Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат (Мыйзамга шилтеме: https://lex.uz/docs/5443901).

Өзбекстан Республикасына туруктуу жашоо үчүн бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын ички иштер органдары тарабынан белгиленген тартипте берилген жашоого уруксаты болгондо гана Өзбекстан Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат алууга укуктуу. Чет өлкөлүк жарандын Өзбекстан Республикасында жашап турууга уруксаты анын Өзбекстан Республикасында туруктуу жашоо укугун ырастоочу документ болуп саналат.

Төмөнкү адамдар Өзбекстан Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат алууга укуктуу:

- мыйзамга ылайык турак жай алган чет мамлекеттердин жарандары - жеке менчикке алынган турак жайга;

- биринчи жана экинчи даражасындагы туугандардын турак жай аянтына  - туугандары;

- жубайы (жолдошу) - кеминде беш жыл бирге жашоо шарты менен, жубайы (күйөөсү) туруктуу катталган турак жайга;
Камкордукка алынгандар - камкорчу (көзөмөлчү) туруктуу каттоодо турган турак жайга;

- ата-энеси жок жашы жете элек кандуу ага-инилер жана эже-сиңдилер - алардын кандуу бир туугандары же эже-сиңдилери туруктуу каттоодо турган турак жайга;

- тиешелүү органдын же уюмдун жетекчисинин, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн арызы боюнча мамлекеттик бийлик органдарына, мамлекеттик жана чарбалык башкаруу органдарына, республикалык маанидеги башка мамлекеттик уюмдарга иштөө үчүн чакырылган жогорку квалификациялуу адистер, тар профилдеги адистер; үй-бүлөлөр (күйөөсү, жубайы, ошондой эле өз үй-бүлөсү жок алардын балдары);

Өзбекстан Республикасынын аймагында туулган же мурда туруктуу катталган чет мамлекеттердин жарандары - (Ташкент облусунан тышкары) туруктуу жашоо үчүн.

Жашоого уруксат алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкү документтерди тапшырышат:

- белгиленген формадагы 2 нускадагы арыз-анкета;

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- турак жайдын менчик ээсинин (ээлеринин) турак жай аянтын берүү жөнүндө арызы, ошондой эле турак жайга документтердин көчүрмөлөрү;

- никеге туруу же баланын туулгандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- Өзбекстан Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин укук коргоо органдары же консулдук мекемелери тарабынан берилген мурунку жашаган жери боюнча соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө документтерди кароо жана тариздөө үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар;

- 35 х 45 мм өлчөмүндөгү эки сүрөт.

Өзбекстан Республикасынын аймагына транспорт каражаттарын ташып келүү

Өзбекстан Республикасынын Бажы кодексинин 159-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жеке жактардын коммерциялык эмес максаттарда убактылуу алып келинген транспорт каражатынын бажы аймагында болуусунун жалпы мөөнөтү календардык жыл ичинде жалпысынан 90 (токсон) календардык күндөн ашпоого тийиш. Мында белгиленген мөөнөттө транспорт каражатын убактылуу ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алымды төлөө менен жол берилет.

Бул эреже эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттарына жайылтылбайт.

Эгерде транспорт каражаттары чет мамлекеттин аймагында катталган болсо, убактылуу ташып келүүгө жол берилет.

Эскерте кетсек, Россиянын мамлекеттик номуру бар автоунааны Өзбекстанда колдонуу мөөнөтү календардык жылдын 90 күнүнөн ашпашы керек. Эгер бул мөөнөт өтүп кетсе, жергиликтүү мамлекеттик номерлерди алуу үчүн Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жол инспекциясына кайрылуу керек.

Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып келүү мөөнөтү бул адамдын Өзбекстан Республикасынын аймагында болгон мөөнөтүн эске алуу менен чет өлкөлүк жарандын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде аныкталат.

Республиканын аймагына ташылып келинген автотранспорт каражатынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн, айдоочу тарабынан бажы мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн, көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин айдоочу аймактык бажы органдарына арыз жана тиешелүү документтер менен кайрылууга тийиш.

Өзбекстан Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган транспорттук каражаттарды үч айга чейинки мөөнөткө убактылуу алып кирүү учурунда кайра алып чыгуу жөнүндө милдеттенмеси чек ара бажы постунаүч нускада көрсөтүлөт. 

Бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бир календардык жылдын ичинде 90 календардык күндөн ашык мөөнөткө чет өлкөлүк автотранспорт каражатын убактылуу ташып келүүгө транспорт каражатынын ар бир ат күчү үчүн базалык эсептелген нарктын ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күнү үчүн 0,7% өлчөмүндө каражаттар төлөнгөн шартта гана жол берилет. 

Алым алынганга чейин транспорт каражаты бажы органдары тарабынан аныкталган жерлерде убактылуу сакталууга тийиш.

Автоунааларды караңгылатууга уруксат берилген максималдуу көрсөткүч арткы айнектер үчүн 5 пайыздан кем эмес жана арткы каптал терезелер үчүн 30 пайызды түзөт (люктарга тиешелүү эмес). Алдыңкы жана алдыңкы каптал терезелери эч кандай караңгылатууга болбойт. Мында жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаттарынын алдыңкы  айнектеринин үстүнкү бөлүгүндө 30 пайыздан кем эмес жарык өткөргүчтүн чегинде туурасы 14 см ашпаган тилке түрүндөгү тонировкаларды орнотууга жол берилет.

Бул эреже жеңил автотранспорт каражаттарына (жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган, айдоочунун отургучтарын кошпогондо, 8ден ашык эмес отургучтар менен жабдылган, жалпы салмагы 3,5 тоннадан ашпаган автомобилдерге) колдонулат.

Жогорудагы талаптарга жооп берген чет өлкөлүк мамлекеттик номуру бар унаалар Өзбекстанга 15 АКШ доллары өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөгөндөн кийин киргизилет.

Алым Өзбекстан Республикасынын улуттук валютасында төлөнүүчү күндөгү Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын курсу боюнча алынат.

Тонировкасы (караңгулатуусу) жок унаалардан бул алым алынбайт.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү талаптары жөнүндө

2022-жылдын 10-июнунан тартып коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча республикалык атайын комиссиянын чечими менен чет өлкөлүк жарандар үчүн бардык коронавирустук чектөөлөр алынды.

Өзбекстанга кирген чет элдиктер ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын, экспресс-тест же эмдөө сертификатын көрсөтпөйт. Республикага учак, поезд, автобус же жеңил унаа менен келген туристтер үчүн чектөөлөр алынган.

Элчиликтин байланыш маалыматтары:

дареги: Ташкент, көч. Ниёзбек Юли, 6-качар, 30.

тел: + 998 71 239 86 13, + 998 71 237 47 94.