Жарандык маселелер

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ адамдар;

2) СССРдин жараны болгон, акыркы беш жылда (ички иштер органдарына кайрылган учурдан тартып) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон адамдар.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык адамдарды аныктоо тартиби

Элчилик Өзбек Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына өзүнүн таандык же таандык эместигин аныктоо боюнча арыздарын кароого укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоодо алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык арызы менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемелерине аныктоо үчүн кайрылышат. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелиши керек:

1) арыз берүүчүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин түп нускасын жана ксерокөчүрмөсүн (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

2) толук өмүр баян;

3) 4x6 см өлчөмүндөгү эки сүрөтт ак алкагында;

4) чет өлкөдө туруктуу жашаган ырастоочу документ.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

Чет мамлекеттин аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын ыктыярдуу өз эрк билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруудан баш тартуу учурларын кошпогондо, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине төмөнкү документтерди беришет:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө эки нускада арыз-анкетаны;

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүктү;

3) никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктү, никени бузуу, жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү же тийиштүү учурларда жубайын өлдү же дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечимин;

4) салык төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын аймагында арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жери боюнча) Кыргыз Республикасынын салык органынан документти;

5) мамлекеттик алымды же консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө ырастаманы же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документти;

6) 4x6 см өлчөмүндө ак фондо түстүү эки фотосүрөттү.

Эгерде арыз берүүчү бир эле учурда жашы жете элек балдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүч кылса, анда мыйзамда каралган жагдайларга жараша төмөнкүлөр берилет:

1) туулгандыгы, камкордукту же көзөмөлдүктү белгилөө, ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө күбөлүктү;

2) эгерде ата-энесинин бири же көзөмөлдүк кылуучу Кыргыз Республикасынын жарандыгында калса, баланын жарандыгын токтотууга же сактап калууга тараптардын нотариалдык түрдө же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде ырасталган жазуу жүзүндөгү макулдугун;

3) 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы баланын жарандыгын өзгөртүүгө нотариалдык түрдө же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде жазуу жүзүндөгү ырасталган макулдугун.

Арыз ээси арызын өзү тапшырууга жана жазылган күнүн көрсөтүү менен ага арыз ээси кол коюуга тийиш.

Балдардын же иш-аракетке жөндөмсүз адамдын жарандыкты өзгөртүү тууралуу арызы алардын ата-энелери же бала же иш-аракетке жөндөмсүз адам жашаган жер боюнча мыйзамдуу өкүлдөр аркылуу берилет.

Жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кетүү жөнүндө арызы берилген учурда, эгерде анын ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калган учурда, жашы жете элек баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга анын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек. Мындай өтүнүч нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө, ал эми республикадан тышкары жерлерде - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Арыз Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун же токтотуунун тийиштүү негиздери менен форма боюнча жазылат. Бардык зарыл документтер эки нускада топтолот: арыздын бирине документтердин түп нускалары, башкасына - көчүрмөлөр тиркелет.

Арыз ээси берген анын ким экендигин ырастаган документтин (паспорт жана (же) жашап турууга уруксат) түп нускасы кайра кайтарылууга жатат. Арызга ал документтин көчүрмөсү тиркелет, анын түп нускага дал келиши кызмат адамы тарабынан текшерилет жана анын колтамгасы жана ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен ырасталат.

Арыздын бланкы кол менен же техникалык каражаттарды (жазуучу машинка, компьютер) колдонуу менен толтурулат. Кол менен толтурулган арыздын тексти түшүнүктүү болууга тийиш. Арыздын бланкын толтурууда кыскартууларды жана аббревиатураларды пайдаланууга, ошондой эле оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Арыздын бланкында камтылган суроолорго жооптор толук болууга тийиш.