Виза маселелери

Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн мааламат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 6-октябрындагы Макулдашуусуна ылайык,

Жарактуу документтердин ээлери болуп саналган Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын  мамлекеттеринин  аймактарына  60  суткага  чейин мөөнөткө визасыз кирүүгө,  чыгууга, транзит менен өтүүгө жана убактылуу болууга укуктуу.

Тараптардын   мамлекеттеринин   аймактарына  60  суткадан  ашык мөөнөткө кирүүгө жана болууга ниеттери бар Тараптардын  мамлекеттеринин жарандары тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипке ылайык визаларды тариздешет.

Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарынын документтеринин ТИЗМЕСИ

     1. Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык паспорту;

     2. Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорту;

     3. Өзбекстан  Республикасынын  16  жашка   чыга   элек   жаранынын күбөлүгү;

     4. төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк (фотосүрөтү жана ээси жөнүндө маалыматтар бар вкладыш болгон учурда);

     5. Өзбекстан Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк.

Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чейинки бойго жете элек  жарандары  чегара аркылуу Өзбекстан Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын күбөлүктөрү же белгиленген  тартипте  бойго  жете  элек  жарандар жөнүндө  маалыматтар  киргизилген  ата-энелеринин  же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору, же болбосо, төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк боюнча өтүшөт.

Өзбекстан Республикасынын 16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы жана  колдорунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын паспорттору бар болгон жарандары өлкөнүн аймагынан өз алдынча,  ээрчитип жүргөн адамдарсыз чыгууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө » № 689 Токтомуна ылайык, Өзбекстан Республикасынын жарандары турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында жана ошондой эле мейманканаларда 5 жумуш күндүн ичинде каттоо жол-жобоосунан өтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын "Электрондук визасы"

www.evisa.e-gov.kg

"Электрондук виза" системасы чет мамлекеттердин жарандарына Интернет аркылуу 90 күнгө чейин Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелерине, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу Эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пунктуна кайрылбастан алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынындагы юридикалык жактар учун чет өлкөлүк жарандарды (жеке жана туристтик топтордун өкүлү катары) өлкөгө чакырууга жана алар үчүн электрондук визасын аллуга арыз тапшыруу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын кыска мөөнөттүк иш жана туристтик визалары 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилет жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарамдуулук мөөнөтүн узартууга укугу каралбайт.

Визаны электрондук түрдө алуу үчүн чет өлкөнүн жараны же кабыл алуучу уюмдарга "Evisa.e-gov.kg" интернет-сайтында атайы форманы толтуруп, анын ичинде байланыш үчүн маалыматты жана Кыргызстанга пландаштырылган сапары туралуу маалыматты көрсөтүүнү керек. Ошондой эле чет элдик жарандын сүрөтүн жана паспортунун (жарактуу жүрүү документинин) сүрөтүн жүктөп берүү керек болот. Консулдук жыйымдарды төлөө "Visa" жана "MasterCard" банктык төлөм карталары аркылуу жүргүзүлөт. Электрондук виза алуу үчүн арызын карап чыгуу мөөнөтү үч жумуш күнүн түзөт.

Электрондук визаны берүү же визаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Электрондук визаны алууда система дароо «Электрондук виза» сайтына шилтеме берет. Сайттан смартфондогу мобилдик колдонмолордун жардамы менен окулуучу өзгөчө QR-коду бар электрондук визаны басып чыгаруу мүмкүн.

Электрондук визаны алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жүрүү документиндеги виза чаптамасы жок өтүшөт. Электрондук визанын бар болушун, категориясын, визаны колдонуу мөөнөтүн, визанын канча жолку болушун текшерүү басып чыгарылган электрондук визадагы атайын QR-кодду сканерлөө аркылуу мүмкүн болот.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эскертет: Кыргызстанга сапар алуучу чет өлкөлүк жарандар визаны «Электрондук виза» системасы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелерине, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу Эл аралык өткөрүү пункттарына кайрылуу жолу менен алууга укуктуу.

Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим

Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу.

Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин ТИЗМЕСИ

Австралия

Австрия Республикасы

Бельгия Королдугу

Болгария Республикасы

Босния жана Герцеговина

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

Венгрия Республикасы

Германия Федеративдүү Республикасы

Греция Республикасы

Дания Королдугу

Израиль Мамлекети

Ирландия Республикасы

Исландия Республикасы

Испания Королдугу

Италия Республикасы

Канада

Кипр Республикасы

Корея Республикасы

Литва Республикасы

Латвия Республикасы

Лихтенштейн Княздыгы

Улуу Люксембург Герцогдугу

Македония Республикасы

Мальта Республикасы

Монако Королдугу

Нидерланд Королдугу

Норвегия Королдугу

Жаңы Зеландия

Польша Республикасы

Португалия Республикасы

Румыния Республикасы

Сербия Республикасы

Словения Республикасы

Сингапур

Словакия Республикасы

Америка Кошмо Штаттары

Түркия Республикасы

Финляндия Республикасы

Француз Республикасы

Хорватия Республикасы

Черногория Республикасы

Чехия Республикасы

Швейцария Конфедерациясы

Швеция Королдугу

Эстония Республикасы

Андорра

Аргентина

Ватикан

Вьетнам

Таиланд королдугу

Сауд Аравия королдугу

Мексика

Бириккен Араб Эмираттары

Сан-Марино

Филиппин

Албания Республикасы

Бруней - Даруссалам

Бразилия Федеративдүү Республикасы

Индонезия Республикасы

Түштүк Африка Республикасы

Чили Республикасы

Венесуэла Боливариандык Республикасы

Катар Республикасы

Кувейт Республикасы

Оман Султанаты

Бахрейн Королдугу

Япония

Иран Ислам Республикасы(*)

(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын «ишкердик» жана «туристтик» категорияларына гана карата.

Жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин ТИЗМЕГИ

1. Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен Королдугу

7. Венгрия

8. Германия Федеративдик Республикасы

9. Нидерланддар Королдугу

10. Греция Республикасы

11. Дания Королдугу

12. Исландия

13. Ирландия

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Корея Республикасы

18. Кувейт Мамлекети

19. Латвия Республикасы

20. Литва Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Мальта Республикасы

24. Монако Княздыгы

25. Жаңы Зеландия

26. Норвегия Королдугу

27. Бириккен Араб Эмираттары

28. Польша Республикасы

29. Португалия Республикасы

30. Сауд Аравия Королдугу

31. Сингапур Республикасы

32. Словакия Республикасы

33. Словения Республикасы

34. Америка Кошмо Штаттары

35. Финляндия Республикасы

36. Франция Республикасы

37. Хорватия Республикасы

38. Чехия Республикасы

39. Швейцария Конфедерациясы

40. Швеция Королдугу

41. Эстония Республикасы

42. Катар Мамлекети

43. Бруней-Даруссалам Мамлекети

44. Бахрейн Королдугу

45. Япония