Дипломатиялык миссиянын башчысы
ДЖАМАНБАЕВ Муса Мураталиевич
1978-жылдын 20-июнунда Чүй облусунда туулган. Кыргыз. 2000-жылы Бишкек гуманитардык университетинин "Чыгыш таануу жана эл аралык экономикалык байланыштар" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2000-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматынын катчысынын жардамчысы;
2001-2003-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол кызматынын атташеси;
2003-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Премьер-министрдин протоколунун референти;
2007-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколдук кызматынын жетекчиси;
2007-2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколдук кызматынын жетекчисинин жардамчысы;
2009-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол кызматынын жетекчисинин орун басары;
2010-жылы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
2011-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысынын орун басары, протокол жана паспорттук-виза кызматынын башчысы;
2017-жылдын 9-декабрынан тартып - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протоколдук секторунун башчысы;
2021-жылдын 18-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин протоколдук кызматынын жетекчиси;
2022-жылдын 8-апрелинен тартып - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (29.12.2014).