Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту

1113

2022-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн башында элчи М.Жаманбаев Б.Аълоевди Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басарынын жогорку жана жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага жемиштүү жана натыйжалуу иш каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри В.И.Норовдун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти. Бул сапардын жүрүшүндө тараптар маанилүү стратегиялык документтер боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик сүйлөшүүлөр аяктаганын белгилешти. Алардын ичинде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери чек арасын делимитациялоо боюнча жөнүндө келишими жана Кыргызстандын суу ресурстары Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу. Эки өлкөнүн парламенттери стратегиялык документтерди ратификациялоо боюнча тиешелүү процедураларды жүргүзүштү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда саясий диалогдун жогорку деңгээлине жетишип, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө, өз ара соода жана өнөр жай кызматташтыгын түзүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө даяр экендиктери белгиленди. Бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык кызматташтыктын азыркы абалы жана мындан аркы өнүгүү перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Ар кандай деңгээлдеги боло турган иш-чаралардын графиги жана күн тартиби каралды. Атап айтканда, элчи М.Жаманбаев менен министрдин орун басары Б.Аълоев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды жана белгиленген пландар жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын мындан ары да чыңдоо боюнча пикир алышты.

  • 2022-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK