2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту

569

2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаевага жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нуриддин Исмоиловго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Бахтиёр Саидовго даректелген Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата куттуктоолору тапшырылды.

Бул юбилейлик датага чоң маани берүү менен Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардыгын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү, достукту жана ынак коңшулаштыкты жогору баалап, ушул жыл кыргыз-өзбек өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарында жаңы жетишкендиктер менен ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына жакында болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен белгилене турганына ишенимдерин билдиришти.

Тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек күн тартибинин актуалдуу маселелери жана алдыда боло турган биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алышты.

  • 2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Аълоев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаевага жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нуриддин Исмоиловго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Бахтиёр Саидовго даректелген Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата куттуктоолору тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK